Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Тапио Саавалайнен президент менен жолугушту


БИШКЕК. Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайненди бүгүн өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев кабыл алды. Анда Кыргызстан менен валюта кору аткарып жаткан үч жылдык программанын аткарылышынын жүрүшү, анын алкагында түзүлчү кошумча меморандум талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Тапио Саавалайнен ушул эле күнү Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен да жолугушту. Анда миссия башчысы «Кыймылсыз мүлккө салык», «Террорду каржылоого жана мыйзамсыз жол менен топтолгон кирешени адалдоого каршы күрөшүү жөнүндөгү» мыйзамдар парламент тарабынан ушул кезге чейин кабыл алынбай, ал эми «Банктар жана банк ишмердүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилбей жаткандыгын сынга алды. Кечке жуук Тапио Саавалайнен өз миссиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрмөкчү.

XS
SM
MD
LG