Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Эл аралык укук коргоо уюмдары Аскар Акаевге кайрылышты


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча иш алып барган «Хьюман райтс вотч» эл аралык уюму «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын уулунун сабалышына байланыштуу 3-майда президент Аскар Акаевге кайрылуу жолдоду. Уюм анда Сыдыкованын баласынын токмоктолушу боюнча тергөө ишинин калыс жана тез жүргүзүлүп, айыптуулардын жазасын алышына көмөк көрсөтүүнү жана бардык эле көз карандысыз журналисттер менен алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууну өтүндү.

«Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын 21 жаштагы уулу Чынгызды 24-апрелде Бишкектеги «Эдем» кафесинин жанынан белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетип, азыр ооруканада жатат.

Сыдыкова уулун сабоого жана азыр тергөөнүн жакшы жүргүзүлбөй жаткандыгына саясий негиздер, тактап айтканда, анын ички иштер министрлигин сындаган төрт макала жазгандыгы себеп болду деген пикирде. Ал эми ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов Сыдыкованын уулу кадимки тойдон кийинки боло жүргөн мушташта токмок жегенин билдирип, тергөө жүргүзүлүп, айыптуу деп шектелгендер кармалгандыгын жана алар жакында өз жазасын алышаарын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG