Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Улуттук коопсуздук кызматында террордук чабуул тууралуу маалымат жок


БИШКЕК. "Кыргызстанда АКШнын атуулдарына же кызыкчылыктарына эч кандай террордук чабуулдун коркунучу жок. Бизде андай маалымат катталган эмес", деп билдирди бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов АКШнын мамлекеттик департаментинин коопсуздук боюнча жылдык маалымдамасына карата жооп берип жатып. Департаменттин өткөн айдын соңунда таратылган маалыматында Өзбекстан ислам кыймылы өңдүү радикалдуу уюмдар Кыргызстан аймагында АКШнын кызыкчылыктарына же атуулдарына каршы террордук чабуул даярдап жатышы ыктымал деген маалымат тараткан. Борис Полуэктовдун айтымында, АКШнын мамлекеттик департаменти мындай маалыматты Борбор Азиядагы жалпы кырдаалга байланыштуу таратууда, бирок ал туристтик сезондун ачылуу алдында Кыргызстанга зыян алып келүүдө. "Бизде террордук чабуулдун ыктымалдыгы тууралуу эч кандай маалымат жок", деп белгиледи Борис Полуэктов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG