Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:47

Гандбол боюнча дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Талант Дүйшөбаев - азыр Испаниянын атуулу. Ага атуулдук укукту Испаниянын королу өзү тапшырып, ишеним көрсөтүп Испаниянын курама командасына капитан кылып дайындаган. Жакшы шарт түзүп, камкордукка алган. Жакында Талант Кыргызстанга келип, кетти.

Кыргыз элинин уулу Талант Дүйшөбаевди дүйнө жүзү мыкты билет. Себеби ал “дүйнөдөгү эң мыкты гандболчу” деген сыйлыкка төрт ирет татыктуу болгон. Алгачкы устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Валерий Захарчук Таланттын бул спортко болгон сүйүүсүн, ышкысын ойготкон. Атактуу ЦСКА дүңгүрөп турганда, Талант ЦСКАнын кадыр-баркын жогору көтөргөн.

Талант Барселона Олимпиадасында Шериктеш өлкөлөрдүн командасын баштап барып, акыркы финалдык таймашта, оюн аяктарына 11 секунда калганда чечүүчү топту киргизип, чемпиондук наамга жеткирген.

1992-жылдан бери Талант Дүйшөбаев Испаниянын Сантандер шаарындагы клуб менен келишим түзүп ойноп жүрөт. Бул команда Талант келгенге чейин бир да жолу мөрөй алган эмес. Талант команданы беш ирет Испаниянын чемпиону кылып, Европа чемпиондугун да 3 жолу жеңип чыгуусуна зор салым кошту.

Талант Дүйшөбаев Испания командасынын Атланта жана Сидней олимпиадаларында коло байге алышына салым кошкон. Азыркы күндө Афина олимпиадасына даярдык көрүүдө. Бул жөнүндө аңгемелешкен учурда мындай деди:

- Испания Олимпиадада гандбол боюнча алтын байге алууга мүмкүнчүлүгү бар. Команда бул максаттын өтөөсүнө чыгыш үчүн аракеттенип, мыкты даярдык көрүүдө. Испаниянын тоолуу Перенея аймагында машыгууларды өткөрүп жатабыз. Себеби тоодо машыгуу чебердикти арттырып, ден соолукту чыңдап, жакшы натыйжа берет. Олимпиаданын алдында акыркы этапты Каталунияда өткөрөбүз, себеби анын жаратылыш шарты Афина шаарына окшош келет. Мына ушундай даярдык гана Олимпиадалык алтын байге үчүн үмүткөр кылат.

-Талант мырза, Афинадагы таймашта Испаниянын тандалма командасынын негизги атаандаштары кимдер боло алат?

- Немистер, орустар жана француздар учурда күчтүү командалар болуп саналат, ушулар негизги атаандаш болот деп ойлойм. Алардан сырткары Хорватия менен Словения өлкөлөрүнүн командаларынын чебердиги жогору, даярдыгы мыкты. Испания мындан мурдакы акыркы олимпиадалык оюндарда эки жолу коло байгелүү болгон. Эми алтын медаль үчүн аракет кылмакчы.

- Талант мырза, сиз алыста жүрсөңүз да көңүлүңүздө ата-журтуңуз турат. Учурдагы кыргыз спортунун абалына кандай баа бересиз? Афинада кыргызстандыктар байгелүу орундарды ээлеши мүмкүнбү?

-Кыргыз спортунун абалы учурдагы экономикага байланыштуу. Өлкөнүн экономикасы көтөрүлүп, элдин турмуш-шарты жакшырса спорт дагы өнүгүп, өсөт. Кыргыз спортунун тамыры терең, дүйнөлүк, олимпиадалык оюндардын чемпиондору чыккан. Күжүрмөн салты, мыкты машыктыруучулары бар болчу. Азыркы учурда спорт базалары дагы колдон чыгып, айрымдарын башкалар менчиктеп алып, жакшы адистер башка өлкөлөргө кетип калып, абалы кыйын. Спорттун командалык оюндары боюнча алдыга чыгуу, дүйнөгө таанылууга азырынча мүмкүн эмес. Себеби бул спорт түрлөрү каражатты көп талап кылат. Бул үчүн бир топ мезгил жана оңбогондой каражат керек, өлкөнүн экономикасынын жогорулашы да зарыл. Кыргызстанда командалык гандбол спорту жакшы өнүгүп, мыкты шарт түзүлсө, анда башка өлкөгө кетпейт элем да…

Ал эми спорттун жеке түрлөрүнөн кыргызстандык жигиттер-кыздар ийгиликке жетиши ажеп эмес. Себеби бул спорт түрлөрү үчүн көп деле каражат чыгымдалбайт. Анын үстүнө эгемендүү өлкө болгону Сиднейде олимпиадалык байгенин эсеби ачылган. Афинада кыргызстандык спортчулар, айрыкча балбандар байгелүү орундарга жетиши мүмкүн. Спорттун башка жеке түрлөрү боюнча дагы ийгиликтер болушуна тилектешмин.


- Афина олимпиадасынан кийин чоң спорт менен коштошом деп мурда айттыңыз эле? Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

- Афина олимпиадалык оюндарынан кийин дагы бир жылга Испаниянын тандалма командасында ойноого келишим түздүк. Андан кийин дагы 3 жылга «Баламано сю-Реал» спорт клубу менен ойноочу-машыктыруучу болууга да келишим түзүп жатам. Учурда дагы ушул клубда ойноп жүрөм. Жакында Испаниянын кубогун жеңип алдык. Супер лигада да биринчи орунда келатабыз. Быйыл да өлкөнүн чемпиону болобуз деген тилек бар.

- Испаниянын Сантандер шаарында эле жашап жатасызбы? Же клуб кайда болсо ошол жактасызбы?

- Азырынча Мадридден 200 чакырым аралыктагы Реал шаарында убактылуу жашап, ушул шаардын спорт клубунда ойноп жатам. Ал эми Сантандер шаары менин Испаниядагы кичи мекеним. Ал жерде үй-жайым бар. Ушул шаар мени алгач ирет кабыл алып, Испаниянын спорт клубунун эшигин ачкан. Чоң спорттон кеткенде ушул шаарда жашайм деген ой- тилек бар. Аны да мезгил көрсөтөт.

- Талант мырза, бул жолу кудайдын буйругу экен, атаңыздын көзү өтүп, ошого байланыштуу Кыргызстанга келдиңиз.

- Рахмат. Атадан кымбат адам барбы? Жарык дүйнөгө алып келген, тарбиялап, өстүргөн, ушундай даражага жетүүмө себепкер болгон атама өмүр бою карызмын. Мен анын каны-жанымын. Ар дайым кеңешин айтып, жол көргөзүп, аска тоодой жөлөк болуп турчу эле. Кыргыздын атын чыгарып, дүйнөгө таанытып жүргөнүмө чоң салым кошту. Ийгилигиме сүйүнүп, алыста жүрсөм дагы ар дайым амандыгымды тилеп турчу. Бул жоготуумдун орду толбойт эми, айла жок да…

Сүрөттө: солдон-оңго - Талант Дүйшөбаев, Кабыл Макешов.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG