Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

БОРБОР АЗИЯ ЖУРНАЛИСТТЕРИНИН ИШИ КЫЙЫН ЖАНА КОРКУНУЧТУУ


Сапар Орозбаков, Прага Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” аттуу уюм Борбор Азия өлкөлөрүндөгү массалык маалымат каражаттарынын абалын иликтеген өзүнүн докладын жарыялады. Уюм Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз эркиндиги боюнча абал бүткүл дүйнө боюнча эң оор экендигин белгилейт. Ал Борбор Азияда жогорку бийликтегилерди сындаган журналисттерди өлтүрүп коюу, түрмөгө отургузуу, кыйнап-кыстоо кадимкидей эле көрүнүшкө айланды деп эсептейт. Мындан коркушкан журналисттер коррупция жөнүндө жазуудан качып, өзүнө өзү цензура кылышат.

“Чек арасыз кабарчылар” аттуу уюм өзүнүн басма сөз эркиндик күнүнө туштап чыгарган докладында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү массалык маалымат каражаттардын жана журналисттердин абалы дүйнөдө эң начарлардан болуп саналат деп белгилейт.

Уюм абал өзгөчө Түркмөнстанда жана Өзбекстанда оор экендигин айтат. Ал бул өлкөлөрдө бийликти сындаган журналисттерди түздөн түз коркутуу менен катар аларга кысым жасоонун амалкөй жолдору да колдонулаарын белгилейт. Уюмдун аймак боюнча жооптуу кызматкери Каролин Жиронун (Caroline Giraud) билдиришинче, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери журналисттердин ишинен жок жерден кынтык табышып, болор-болбос административдик эрежелердеги жаңылыштыкты мыйзам бузду деп көрсөтүшүп, массалык маалымат каражаттарын жана журналисттерди куугунтукка алууну адатка айландырып алышты.

- Өз эрки менен цензурага баруу көзгө көп урунбаган, бирок эң орчундуу маселе болуп саналат. Журналисттер чыны менен эле коррупция жөнүндө жазуудан, анын натыйжасында алар жана алардын массалык маалымат каражаттары чиновниктердин куугутугуна кабылышынан коркуп калышты. Бул оңой менен жоюлбас чоң маселе болуп баратат,– дейт Каролин Жиро.

Анын пикири боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтеринин сөз эркиндигине тоскоолдугун азайтуу үчүн эл аралык уюмдар аларга карата кысымын күчөтүүлөрү зарыл. Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын акчасына муктаж, муну батыш өлкөлөрү пайдаланышы керек дейт Каролин Жиро. Ал мисал катары Европа биримдиги жана Кошмо Штаттары казак бийликтерине кысым жасап жатып өткөн жылы түрмөгө камалган Сергей Дубановду бошотуп алышканын көрсөтөт.

Ал ошондой эле эл аралык уюмдардын кысымы менен президент Назарбаев өлкөнүн парламенти кабыл алып койгон массалык маалымат каражаттарынын укугун чектеген жаңы мыйзамды четке каккандыгын айтат.

Каролин Жиро мурдагы Соеттер союзунун республикаларынын ичинен массалык маалымат каражаттарына карата мамиле Түркмөнстанда баардыгынан катаал жана жазалагыч экендигин белгилейт:
- Эң оор абал Түркмөнстанда. Ал жерде басма сөз эркиндиги таптакыр жок. Журналисттердин иштеши ал жерде абдан кыйын.

Ал Түркмөнстанда чет өлкөлүк басылмаларды таркатууга таптакыр тыюу салынганын айтат. Президенттин абийирине шек келтирди деген айыпка жыгылсаң бул өлкөдө 25 жылга абакка түшөсүң.

Каролин Жиронун айтымында, Түркмөнстандан кийинки эле оор абал Өзбекстанга тиешелүү:

- Кагаз жүзүндө эки жыл мурда цензура жоюлган болчу. Иш жүзүндө ал дагы эле бар. Биз Өзбекстандагы абал өткөн жылы начарлап кеткенин байкадык. Биз өзүбүздүн докладыбызда журналист жана укук коргоочу Руслан Шариповдун түрмөгө отургузулганын белгиледик. Шариповдун түрмөгө отургузулушу анын иштөөсүнө тоскоолдук кылыш үчүн гана жасалган чара деп ойлойбуз,– дейт Каролин Жиро.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана абал бир аз дурусураак экендигин белгилейт. Бирок бул өлкөдө да абал өткөн жылга караганда начарлап кеткен. Уюм Кыргызстанда ар кандай шылтоо менен бийликке сын айткан оппозициялык жана көз карандысыз гезиттер жабылып жаткандыгын айтат. “Чиновниктер жалаа жапты же абийириме шек келтирди деп сотко кайрылышып, бийликтен көз каранды сот алардын сөзүн эки кылбай, алардын кызыкчылыгына чечим чыгарат” дейт өзүнүн докладында “Чек арасыз кабарчылар” уюму.
XS
SM
MD
LG