Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Армения оппозициясы акция өткөрдү


ЕРЕВАН. Бүгүн Армениянын баш калаасында 6 миң чамалаш киши нааразылык акциясын өткөрүшүп, президент Роберт Кочеряндын кызматтан кетишин талап кылышты. Ошондой эле Европа Биримдигинин өткөн жумадагы сунуштарын аткарууга өкмөттү чакырышты. Евробиримдик мурдараак бийликке тынчтык акцияларын өткөрүүгө жол берүү, маалымат каражаттарына шарт түзүү жана укук бузууларды иликтөөнү сунуштаган. Армения оппозициясы өткөн жылкы президенттик шайлоодо бийлик мыйзам бузууларга жол берди деп айыптап, буга чейин бир катар митингдерди уюштурган.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG