Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Төртүлүк Израил планын колдоорун билдирди


УЛУТТАР УЮМУ. БУУнун, АКШнын, Евробиримдиктин жана Орусиянын бийик даражалуу өкүлдөрү Газа тилкесинен Израил аскерлерин алып чыгып кетүү тууралуу премьер-министр Ариэл Шарондун планын колдошуп, муну сейрек мүмкүнчүлүк катары баалашты. Төртүлүк мындай билдирүүнү алар Нью-Йорк жолугушуусунда кабыл алды. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, планды ишке ашырууда Израил менен Палестиндин кызыкчылыктарын бирдей эске алуу зарыл. Ариэл Шарон буга чейин “Ликуд” партиясынан колдоо таппай калган планын кайра кароо ою барын билдирген.

XS
SM
MD
LG