Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

ГРУЗИЯ МЕНЕН АЖАРИЯНЫН АЛАКАСЫНДА АЖЫРЫМ КҮЧӨДҮ


Ажариянын бийликтери шейшембиде башкалаа Батумидеги демонстрациянын катышуучуларын күч менен таратты. Мунун алдында автономиянын башчысы Аслан Абашидзе грузин президенти Михаил Саакашвилинин ультиматумун аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирген эле. Ал кырдаалдын чыңалуусу ири жаңжалга алып бараарын эскертти. Шейшембиден тартып Ажариянын аймагында өзгөчө абал режими күчөтүлүп, мектептер, жогорку окуу жайлар эки аптага жабылды.

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Ажария өлкөнүн Конституциясына баш ийүүсүн, бул жердеги мыйзамсыз топтор куралсыздандырыла баштоосун, ошондой эле автономияда адам укуктарын тебелөө токтотулушун талап кылууда. Ал жогорудагы талаптарды аткаруусу үчүн ажар лидерине он күн убакыт берилээрин өткөн жекшембинин кечинде билдирген. Ультиматумдун мөөнөтү 12-майда аяктайт. Грузин президенти белгилегендей, эгер талап аткарылбаса, Ажариянын азыркы бийлиги таратылып, автономияда жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Грузин президенти ультиматум жарыялаар алдында Ажарияны Грузиянын калган аймагы менен байланыштырган көпүрөлөр жардырылган. Ажар бийликтери муну борбордук өкмөттүн автономияга каршы аскерий операциясын алдын алууну көздөгөн иш чара катары мүнөздөшкөн эле. Расмий Батуми Грузиянын өткөн жекшембиде аяктаган ири аскерий операциясын жоокерлерди автономия аймагына киргизүүнүн даярдыгы ирээтинде кабылдаган болчу. Көпүрөлөрдүн жардырылып, темир жолдун буздурулушу коргонуу максатында болгонун ажар лидери шейшембиде жергиликтүү телеканалдагы маегинде да белгиледи. Мунун алдында Аслан Абашидзе грузин президентинин ультиматумун четке кагып, аны аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирген болчу.

Грузия Ажария менен чек арадагы көпүрөлөрдүн жардырылышына орусиялык адамдардын да катышы бар деп эсептейт. Михаил Саакашвили маселен бул үчүн Юрий Неткачов аттуу отставкадагы орус генералын айыптады. Москваны түздөн-түз күнөөлөбөгөнү менен грузин президенти орус бийликтерин отставкадагы генералга каршы чара көрүүгө чакырды.

Ал эми шейшембиден тарта Ажариянын аймагында өзгөчө абал режими күчөтүлүп, эки аптага мектептер, жогорку окуу жайлар жабылды. Бул күнү башкалаа Батумиде ажар лидеринин отставкасын талап кылган 2 миңдей адам, көбүнесе студенттер менен окутуучулар, демонстрацияга чыккан эле. Ажариянын коопсуздук кызматтары аларды күч менен таратты. Демонстранттардын бири шейшембидеги окуялар жөнүндө мындайт дейт:

- Алар адамдарды башка-көзгө ургулашты. Мен баштары канжалап, эс-учун жоготуп койгон адамдарды көрдүм. Айрым аялдардын бети канжалап жүрдү. Демонстрацияны тараткан соң коопсуздук кызматынын адамдары "Биздин Ажария" оппозициячыл кыймылынын кеңсесине барышып, баарын талкалашты. Сынбаган бир да айнек калган жок.

Бир катар аналитиктердин көз карашында, бийликке келгенден бери Грузияда тартип жана мыйзамдуулукту орнотуучу катары көрүнө баштаган президент Саакашвили азыр кыйын абалда калгандай. Ажар лидери ультиматумдарды аткарбоону улантууда. Андыктан эми грузин президенти азыркы сыноодон артка чегинсе, анын өзүнүн бийлигине доо кетээри шексиз. Шейшембидеги демонстрация ажар лидерине каршы оппозиция бар экенинин белгиси.

Бирок "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун грузин кызматынын директору Роберт Парсондун пикиринде, ажар лидери бийликтен ички күчтөрдүн жардамы менен кулатылышы күмөндүү:

- Менимче, Ажариянын оппозициясы Аслан Абашидзени бийликтен кулаткыдай күчкө ээ эмес. Соңку бир нече жылдан бери ал автономияны коркутуу жолу менен башкарып келүүдө жана бул - азыр да анын негизги күчү. Бүгүн каршылык көргөзүп көчөгө чыккан бир нече адам бул үчүн анын жазасын тартууга туура келди. Алардын көпчүлүгү токмок жеди. Менимче, Ажариянын эли Абашидзени кулатуу үчүн көтөрүлөөрү арсар.

Айтор, Грузиянын келечеги азыр эрктүү жана бири-бирине кыжырданган эки лидердин колунда тургансыйт. Тирешүү эмне менен аяктаарын айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG