Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

ӨКМӨТ ТАБИЙГЫЙ КЫРСЫКТАРГА КАРШЫ КҮРӨШТҮН ЖОЛДОРУН ИЗДЕП ЖАТАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Кечээ өкмөт жыйыны өтүп, анда Кыргызстанда табигый кырсыктардын кесепеттерин жойуу боюнча жүргүзүлө турган иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. Премьер-министр Николай Танаев жыйында маалымдагандай, учурда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кооптуу жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

- Бизде кооптуу болуп эсептелген жерлердеги тургундарды башка аймактарга жайгаштыруу үчүн жер жетишпей жатат. Бул азыр биз кездешкен башкы проблемалардын бири,- деди Николай Танаев.

Турак-жай куруу департаментинин жетекчиси Айчүрөк Тазабекова белгилегендей, жалпысынан бүгүнкү күндө кооптуу жерлерден 1940 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш. Ош жана Жалалабат облустарында жайгашкан бул үй-бүлөлөрдүн ичинен 700ү тез аранын ичинде көчүрүлүшү зарыл. Алардын ар бирине өкмөт тарабынан 200 миң сомдон акча бөлүнмөкчү.

Айчүрөк Тазабекова Ош облусундагы Алай районуна караштуу Будалык айыл өкмөтүндө болгон жер көчкүдөн жапа чеккен үй-бүлөлөр үчүн Карасуу районунда турак-жай салына баштагандыгын маалымдады:

- 1-майда Будалыкта болгон трагедиядан кийин жабыр тарткан 55 үй-бүлөгө Карасуу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндө жер учаскалары бөлүнүп берилди. Аларга биринчи транш 25 миң сом өлчөмүндө бөлүндү. Азыр кооптуу жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми көчүрүлүүгө тийиш болгон 1940 үй-бүлөгө канча акча каражаты талап кылынаары жөнүндө так айта албайм.

Премьер-министр жер көчкү, суу ташкындары болушу ыктымал жерлерде жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү, аларга турак-жай куруу, социалдык маселелерин чечүү боюнча иш-чаралар комплекстүү түрдө, дээрлик бардык министрликтердин катышуусу менен чечилиши керек деп белгиледи.

Мисалы, транспорт министрлиги турак-жайлар курула турган жерлердин жолдорун оңдоо, энергетика боюнча мамлекеттик агенттик жаңы конуштарды элекр энергиясы менен камсыз кылуу, эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жапа чеккен үй-бүлөлөргө социалдык жардамдарды көрсөтүү багытындагы иштерди жүргүзүшү керек. Буга байланыштуу өкмөт башчысы министрликтерге табигый кырсыктардын кесепеттерине кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча конкреттүү иш-пландарын иштеп чыгууну тапшырды.

Ал эми Кыймылсыз мүлктү каттоо мекемеси, Жалалабат жана Ош облустарынын администрациялары кооптуу жерлердеги үй-бүлөлөр кайсы жерлерге көчүрүлө тургандыгын 10 күндүн ичинде аныктамак болду.

Жыйында жыл башынан тарта орун алган табигый кырсыктар ар кайсы тармактарга чоң көлөмдөгү зыяндарды алып келип жаткандыгы жөнүндө да айтылды. Мисалы, транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Кубанычбек Мамаев белгилегендей, жер көчкүлөрдөн улам бузулган жолдорду оңдоого учурда 35 млн сом өлчөмүндөгү каражат талап кылынууда. Табигаттын кырсыктары айыл–чарба тармагына да олуттуу зыянды алып келди. Бул жөнүндө айыл чарба министри Александр Костюк:

- Ушул жылы эле суу ташкындарынан айыл–чарба тармагына 80 млн. сомдон ашуун зыян болду. Эми жер алдындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу жүргүзүлө турган иш-чараларга, айылдарды, айдоо аянттарын коргоп калыш үчүн орточо эсеп менен 50-60 млн. сом дагы кошумча жумшалыш керек.

Өкмөт башчысы транспорт, айыл чарба министрликтерине сураган акчаны берүүнү каржы министрлигине тапшырды.

Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Кубанычбек Мамаев жыйында маалымдагандай, учурда министрлик тарабынан жер-жерлерде дамба, көпүрөлөрдүн абалы боюнча, жер көчкү, кар көчкү болушу ыктымал жерлерде мониторинг жүргүзүлүүдө. Мамаевдин билдиришинче ушул күндөрү кооптуу кырдаал Ош облусунда түзүлдү:

- Эң оор кырдаал азыр Ош облусуна караштуу Мырзаке-Алайку, Чалма-Буйга, Карагуз-Түшүнүк жана Ылайталаа-Гүлчө жолдорунда. Карагуз-Түшүнүк жана Чалма-Буйга жолдору азыр жабык.

Министрликтин маалыматы боюнча бул айылдарда 4,5 миңге жакын адам жашайт. Өкмөт башчысы транспорт министри Кубанычбек Жумалиевге жол жабылып калган бул айылдарга барып, алардын тургундарынын абалынан кабар алууну тапшырды:

- Жумалиев жол жабылган жерлерге барып, анда жашагандар менен жолугушуп, алардын абалы менен жакындан таашынып келиши керек.

Николай Танаев ошондой эле Кыргызстандын аймагында табигый кырсыктардын болушун, жер астындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүн алдын ала божомолдоо иштерине окумуштуулардын да активдүү тартылышынын зарылдыгын белгиледи.

Николай Танаев жыйында айтып өткөндөй, өлкөнүн бюджетинин тартыштыгынан, кооптуу жерлердеги үй-бүлөлөрдүн маселелерин чечүү иштерине чет өлкөлүк донорлордун да көмөктөшүшү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG