Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Нарында маданият жана денсоолук борбору ачылды


НАРЫН. Демилгелүү топтун жетекчиси Майрам Койчиеванын айтымында, аталган топто 10 адам бар. Баары жогорку билимдүү врачтар жана мугалимдер. Алар өз күчтөрү менен таланып-тонолгон имаратты ремонттошкон. «Ортого 10 миң сом чогултканбыз, бирок ремонтубуз 20 миң сомго чыкты. Каражатты эч кимден алган жокпуз. Максатыбыз айылдагы бош жаштарды мүмкүнчүлүгүнө жараша илимдерге тартуу, англис, орус тилдерин үйрөтүү. Андан сырткары айыл маданиятын көтөрүү менен бирге келечекте айылдарга маалымат борборлорун ачуу. Айылдагы мүмкүнчүлүгү чектелүү 10 баланы да окутуп, аларды унутта калтырбастан ар тараптан колдоо көрсөтүү» дейт демилгелүү топтун башчысы. "Асылзаттын" ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл жашоочулары катышышты.

XS
SM
MD
LG