Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Базарларда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


БИШКЕК. Башкалаадагы базарларда жана соода түйүндөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бишкек ички иштер башкармалыгы билдиргенге караганда Өзбекстандагы жардыруулардан жана борбордогу "Жунхай" соода түйүнүндөгү өрттөн кийин оперативдик кырдаал курчуду. Ошону менен катар Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жашап аткан чет элдиктерди табуу иш-аракеттери башталууда. Каттоодон өтпөй жүргөн же каттоо мөөнөтү өтүп кеткен чет элдик атуулдарга 500 сом өлчөмүндө айып тагылууда. Борбордук базарларда, соода түйүндөрүндө күнү-түнү кароол кызматы коюлду. Соодагерлер менен оперативдик байланыш жолго коюулуп, күтүүсүз кырдаал болсо дароо кабарлоого шарттар түзүлүүдө. Соңку күндөрдө Кытайдын документтери жайында эмес 10дон ашык атуулу айып төлөсө, документтери таптакыр жок кытайлык бир атуулду депортациялоо чечими кабыл алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG