Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Ахмадий мусулмандары кыргыз өкмөтүнө нааразы


БИШКЕК. Кыргызстандагы ахмадий мусулмандары коому кыргыз өкмөтүнө нааразы. Бул тууралуу Бишкекте жайгашкан ахмадий мусулмандар коомунун миссиясынын башкы катчысы Таалайбек Осмонов билдирди. Кыргыз өкмөтү өткөн айда диний экстремизмге каршы токтом кабыл алган. Анда диний фундаментализмди, экстремисттик идеяларды пропагандалаган миссионерлердин ишине тыюу салынуу тууралуу айтылган. Аталган коом муну ахмадий мусулмандарынын укугун бузгандык катары баалады. Каттоодон өтөөрдө Кыргызстандын тиешелүү органдарынын ар бири текшерген, балким айрым мусулман мамлекеттерден кыргыз бийлигине басым болуп атат деп эсептейт ахмадий мусулмандары коому. Бул диний коом Пакистан, Сауд Аравиясы өңдүү мамлекеттерде тыюу салынган. Бирок, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул коомдун тынчсыздануусун негизсиз деп эсептейт. Кыргызстанда эки жылдан бери иштеп аткан бул диний агым тууралуу өкмөттүн аталган токтомунда эч нерсе айтылган эмес.

Ахмадий мусулмандары мусулманчылыктын бир агымын тутунат. Башкы кеңсеси Лондондо жайгашып, «Ахмадия интернешнел» аттуу 30 тилде чыккан телевидениеси бар.

XS
SM
MD
LG