Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Борбор Азия мамлекеттеринин парламентарийлери жолугушту


БИШКЕК. 5-майда Алматы шаарында Борбор Азия кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрүнүн экинчи жолугушуусу өттү. Ага Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген депутаттар катышты. Жыйында Борбор Азия кызматташтыгына кирген өлкөлөрдүн парламенттеринин туруктуу иштей турган органын түзүү жана уюмга кирген өлкөлөрдүн экстремизм, эл аралык тероррчулук жана маңзат менен күрөшүү жаатындагы мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү маселелери каралды. Жолугушуу соңунда биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Жыйын өз ишин ушул эле күнү аяктады.

XS
SM
MD
LG