Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Пакистанга барат


БИШКЕК. 12-17-май күндөрү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын парламенттик делегациясы Пакистанга расмий сапар менен барат. Аталган палатанын эл аралык байланыш комитетинен алынган маалыматка караганда, спикер Алтай Бөрүбаев жетектеген делегация Пакистандын президенти Первез Мушарраф, премьер-министри Зафаруллой Джамани, Улуттук ассамблеясынын спикери Амир Хусей, Сенатынын спикери Мухаммад Миан Сомро жана башка расмий бийлик жетекчилери менен жолугушат. Анда Кыргызстан менен Пакистандын парламенттеринин ортосундагы кызматташуу жана соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жаатында сүйлөшүүлөр болот. Пакистандын парламентинин чакыруусу менен ишке ашчу бул сапар убагында эч кандай документке кол коюлбайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG