Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

ҮЧ ЖЫЛДЫК ПРОГРАММА АЯГЫНА ЧЫГУУДА, ЖАҢЫСЫ ЭМДИГИ ЖЫЛДАН БАШТАЛАТ


Эларалык валюта корунун (ЭВК) көмөгү менен Кыргызстанда жакырчылыкты азайтып, экономикалык туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга арналган үч жылдык программа иштелип чыккан. Эларалык валюта корунун миссиясы анын аткарылышы белгиленген багытта жүрүп жатканын маалымдап, эмдиги жылдан тарта жаңы программа ишке киргизилерин ырастады.

Эларалык валюта корунун миссиясы үч жылдык программанын аткарылышын текшерүү үчүн беш ирет Кыргызстанга келди. Бюджет аткарылышынын контролдук көрсөткүчтөрүн тыкыр көзөмөлгө алган ЭВК миссиясы бюджет таңкыстыгын азайтып, республика тапкан кирешесине жараша тиричилик өткөрүүсү зарыл экенин дамамат талап кылып келди.

ЭВК миссия жетекчиси Тапио Саавалайнендин ырасташынча, Эларалык валюта корунун Кыргызстанга сарптаган акчаларынын жалпы көлөмү 200 миллиондон ашуун долларды түзөт.

- Кыргызстандын тышкы карызы жалпысынан 1 миллиард 800 миллионго жакын доллар. Ал эми Кыргызстандын Эларалык валюта коруна болгон карызы 200-220 миллион долларга жетет. Антип эмнеликтен так айтылбай жатышынын себеби доллардын курсуна байланыштуу, -дейт Тапио Саавалайнен.

Эки жылдан бери кыргыз өкмөтү Париж клубуна кирген өлкөлөргө кайтарылчу 450 миллион долларды такыр жойдуруп жиберүү аракетин көрүп келет. Учурунда ал акчалар оор шарттар менен алынган.

- Биз эми Париж клубунун экинчи отурумуна барабыз. Жыйында мурда белгиленген сумма, кош тараптуу кредит берүүчүлөрдүн шарттары каралат. Бизге берилген кредиттердин жалпы суммасы 459 миллион долларды түзөт. Бу карыз акчалардын Кыргызстан үчүн пайдасы аз болду. Себеп дегенде, биз аны карыз берген өлкөлөрдөн жабдуу түрүндө алганбыз. Алардын шарты да жеңилдетилген кредит берген өлкөлөрдүкүнөн кыйла оор. Кымбатка алынган карыз акчаларды жойдуруп салуу программасы ишке ашса, Кыргызстан тышкы карыздарын төлөп бериш үчүн кыйла жеңилдик алар эле,- деп айтты Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев.

Тапио Саавалайнен келерки үч жылга түзүлчү программа жайында кеп кылууну туура көрбөйт. Алдыдагы 8 ай ичинде эмне болуп кетет, дегеле бүгүнкүнүн аягы көрүнө электе болочок тууралуу божомол куруунун кандай кажаты бар, деген пикирде:

- Жакынкы 8 ай ичинде көп нерселер болуп кетиши ыктымал. Программанын так аткарылышын жакшылап текшерип чыгуу керек. Париж клубуна мүчө өлкөлөрдөн жаңы программаны каржылоого макулдугун алуу абзел. Булардын баары ишке ашса кийинки программада тышкы карыздарды төлөө маселесине анча деле көңүл бурулбайт.

Тапио Саавалайнендин ырасташынча, болочок программада башкаруунун сапаттык деңгээлине жетишүү, инвестициялык жагымдуу шарт түзүү, ошондой эле салык реформасын жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Кыргыз өкмөтү быйыл жыл башынан бери Салык кодексин жаңылап чыгуу аракетине өткөн. Биртоп жаңылыктарды камтыган Салык кодекси ушул жылдын май айынын аягына чейин даярдалып, парламенттин күзгү отурумуна талкууга коюлушу болжолдонгон. Президент А.Акаев жаңы Салык кодексин көп создуктурбай кабыл алып берүүнү парламенттен өтүнгөн жайы бар. Эларалык валюта корунун миссиясы олуттуу экономикалык документти кабыл алууга ашыкпай, аны жакшылап иштеп чыгуу керектигин эскертти. Мындан келди, жаңы Салык кодекси дагы узакка талкууланып, ийине жеткирилет окшоп калды.

- Ишти 3 этапка бөлүп жүргүзсө болот. Биринчиси, кодексти тазалап чыгуу. Мында карама-каршылыктарды жоюп, баарын камтуу арaкетин жасаган оң. Экинчиси, салык реформасын жүргүзүү. Бул ишти август айынын аягына чейин иштөө зарыл. Үчүнчү этап Салык кодексин парламентке сунуш кылуу, ошого жараша бюджетти аныктоо. Бул бюджет боюнча талкуулардын аягына, октябрдын этеги ноябрдын башына туш келет, - дейт Тапио Саавалайнен.

XS
SM
MD
LG