Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

КЫЙНООГО БӨГӨТ КОЮУ - АКШ ҮЧҮН ДА УРГААЛДУУ КӨЙГӨЙ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Ирактагы айрым америкалык жоокерлердин абакта кармалгандарды кемсинткен кылык-жоруктары менен байланыштуу окуяга карата дүйнө жүзүндө кескин сын пикирлер айтылууда. Укук коргоочулар бул окуя үчүн АКШ өкмөтүн сынга алууда. АКШнын туткундарга карата саясатын айыптаган макаланы "Вашингтон пост" басылмасы да жарыялады.

Багдаддын жанында жайгашкан Абу Грайиб түрмөсүндө бир нече айдан бери кармалып жаткан ирактыктар абакты кайтарган айрым америкалык жоокерлердин мазактоосуна дуушар болгону эл аралык коомчулукта чуулгандуу окуя катары курч талкууланууда. Орусия сыяктуу айрым өлкөлөрдүн өкүлдөрү адам укуктарын одоно бузган мындай окуя Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча комиссиясы тарабынан териштирилиши керек деп чыгышты.

АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсфелд (Donald Rumsfeld) да абактагылар мазактоого кантип дуушарланганы тартылган сүрөттөрдү көрүп, туткун ирактыктарды келекелеген америкалык жоокерлерди сынга алды:

- Бул фотосүрөттөгү жоокерлердин кылык-жоругу - жарамсыз жана америкалыктар жасабай турган (un-American) жосунсуз жорук. Мындай ишке барган киши ар күнү өз милдетин сыймык менен өтөп жаткан жолдошторунун бетине чиркөө болду жана өз өлкөсүнө көлөкө түшүрдү.

Бирок АКШ коргоо катчысынын түрмөдөгү туткундарды мазактоо орун алганы чын, бирок туткундарды «олуттуу кыйноого учураган» деп бүтүм чыгарууга да болбос деген сөзү эл аралык укук коргоо уюмдарынын жана публицисттердин ачуусун келтирди.

Маселен, “Вашингтон пост” басылмасында 5-майда чыккан “Киши кыйноону көксөөчүлөр” деген макаласында Энн Эпплбаум (Anne Applebaum) айым Рамсфелддин сөзүндөгү “америкалык эмес жорук” деген сөзгө өзгөчө кайрылат. “Биз – америкалыктар – мындай жосунсуз жоруктарды жасачулардан өйдө турабыз” дегендей текебер сөздөр, Эпплбаумдун оюнча, Абу Грайиб түрмөсүндөгү окуялардан улам суу кечпей калды. Демек, америкалыктар да мындай кылык-жоруктарга барып жаткандан кийин, аларды да башка өлкөлөрдөгү кишилер сыяктуу эле мындай кылмышы үчүн адилет жазага тартуу керек, - дейт Эпплбаум айым.

Макалада Гитлер тууралуу жаңы бестселлерлердин бири да эскерилген. “Гитлердин ыктыярдуу киши өлтүргүчтөрү” аттуу китепте фашисттик концлагерлер немистердин улуттук табиятына жана тарыхый баскан жолуна ылайык көрүнүш болгон деген калпыс идея камтылган экен. Сталиндик жазалоо жайларын да жалаң гана орусиялык коомдук өзгөчөлүк менен байланыштыруу аракеттери болгон. Чынында, Эпплбаум калыс белгилегендей, фашисттик жана коммунисттик жаза жайларындагы (лагерлердеги) азап-тозоктор улуттук, расалык жана мамлекеттик чектерден өтүп, Кытайда, Камбожада, Түндүк Кореяда, Чилиде жана башка өлкөлөрдө кайталанды.

Укук коргоочу «Эмнести интернешнл» уюмунун Вашингтондогу басма сөз өкүлү Алистэр Ходжетт (Alistair Hodgett) болсо АКШнын Ак Үйүн «кыйноо» терминин өз иш тажрыйбасында калыс колдонууга чакырат:

- АКШнын өкмөтүнүн өзү Мамлекеттик департаментинин адам укуктары боюнча чыгарчу жылдык баяндамаларында Абу Грайиб түрмөсүндө орун алгандагыдай укук бузууларды, эгерде алар башка өлкөлөр тарабынан жасалган болсо, “кыйноо” деп баалап келет. Демек, биз АКШ өкмөтүнөн алиги укук бузууларды да “кыйноо” катары айыптоосун күтөөр элек.

Деги, “демократиялык салты – терең” делчү коомдор да өздөрү кол койгон эл аралык келишимдерге, алардын ичинде туткундардын укуктарын жана ар-намысын сактоого багытталган Женева келишимине баш ийиши керекпи?

Эпплбаум сыяктуу публицисттердин оюнча, эгерде андай “алдыңкы делген” коомдордун өкүлдөрү мыйзам бузууларга барчу болсо, анда алар башкалардай эле тийешелүү жазасын алууга тийиш, дал ушул жол менен болочоктогу ар кандай кыйноолорго бөгөт коюлмакчы.

XS
SM
MD
LG