Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

КЫРГЫЗ-КАЗАК МАМИЛЕСИ СЫНООДО


Кыргызстан менен Казакстан өткөн жылдын соңунда союздаштык тууралуу келишимге кол койгон. Бирок ага карабай эки тараптын экономикалык кызматташуусунда бир катар орчундуу маселелер чечилбей турат. Казак тарап буга байланыштуу Бишкекти айыптоодо. Маселен, жакында эле Казакстандын тышкы иштер министри «биз өлкөнүн бюджетине зыян келгенине карабай Бишкектин өтүнүчтөрүн аткарып, автоунааларды лимитсиз каттатууга жол ачтык. Темир жол тарифтерин төмөндөтүп бердик. Бирок Кыргызстан бизди утурлап кадам жасабай жатат» деп билдирди.

Казакстан газ, суу маселеси боюнча Кыргызстанга кине коюуда. Маселен, Астана мурдатан «Бишкек бизге багытталган газды уруксатсыз алууда» деп айыптап келсе, жакында «Нарын комплексинин бир бөлүгүн алууга, ага инвестиция салууга жол бербей жатат» деп күнөөлөй баштады.

Газ маселесин чечүүдө бир тараптуу кадамга барып, Кыргызстандын аймагын айланып өтүүчү газ түтүгүн кура баштаарын коңшу мамлекеттин өкмөтү апрель айында билдирди.

Бул эски маселени эки тарап Кыргызстан аймагынан өткөн газ түтүктүн базасында биргелешкен ишкана түзүү менен чечүүнү макулдашкан. Бирок ал ишканада кайсы тараптын канча үлүшү болоору боюнча эки тарап орток пикирге келе албай турат. Албетте, эки жак тең газ түтүгүн көзөмөлдөөнү өз колуна алгысы келүүдө. Адистердин пикиринде, Казакстан бул маселеде артыкчылыкка жетишүү үчүн Кыргызстан биздин шартка көнбөсө, аны айланып өтүүчү газ түтүгүн курабыз деп билдирүүдө.

Газ түтүгүнөн сырткары Астана Кыргызстандын суу сактагычтарына кызыгууда. Казакстандын тышкы иштер министри Касымжоомарт Токаев жакында эле «Нарын комплексинин бир бөлүгүн биз алып, инвестиция салалык десек, кыргыз өкмөтү макул болбой жатат» деп билдирген.

Бул жерде маселе мурда курулуп, азыр иштеп жаткан ГЭСтер, анын ичинде стратегиялык мааниси бар Токтогул суу сактагычы жөнүндө баратат. "Кыргызстан аны коңшу мамлекеттерге бербеш керек" деген пикирин өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев билдирди:

-Суу - бул Кыргызстандын жалгыз көзүрү. Ошондуктан коңшулардын Токтогул суу сактагычынын акциясынын үчтөн бирин же жарымын бергиле дегени саясий жактан туура эмес. Кыргыз өкмөтү ага жол бербеш керек. Токтогул суу сактагычына жана ирригациялык системаларга Казакстан эле эмес, көп мамлекеттер кызыгып жатат. Алардын баары сууга көзөмөл жүргүзүүгө умтулууда. Себеби сууну ким көзөмөлдөсө - ал Борбор Азиянын бир маанилүү багытын көзөмөлдөп калат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов Нарын дарыясындагы суу сактагыч, ГЭСтер жана өлкөнүн суу ресурстары тууралуу мындай оюн билдирди:

- Алар мамлекеттик менчикте калыш керек. Бирок аларды инвесторлор менен сүйлөшүп, биргелешип пайдаланса болот. Кандай болгон күндө да акциялар толук бойдон мамлекет колунда калышы керек. Кечээ эле мен Канаданын биздеги элчиси менен жолугуштум. Анда Канада менен АКШнын ортосундагы суу маселеси жөнүндө сурасам, элчи мырза, эки өлкө суу жөнүндө келишим керектигине ынанышып, азыр суунун баасы боюнча бир бүтүмгө келип калганын айтты. Элчи мырза "силердин сууну товар катары караганыңар туура. Сууну сатуу боюнча келишимдерди түзүш керек" деп белгиледи. Менин оюмча, биздин ушул багытта иш жүргүзгөнүбүз туура болот.

Ырасмий Бишкек коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык консорциум түзүүгө каршы эместигин билдирип келатат. Өлкөнүн вице-премьер-министри Базарбай Мамбетовдун айтымында, бирок Бишкек мурда курулган ГЭС, суу сактагычтарды башка өлкөлөргө берүүгө барбайт. "Ал эми жаңы ГЭСтерди курууда болсо биргелешкен ишкана түзүүгө Кыргызстан кызыкдар", деп билдирген Базарбай Мамбетов.

Тышкы иштер министринин орун басары Эркин Мамкуловдун маалымдоосуна караганда, Кыргызстан «Камбарата-1», «Камбарата-2» ГЭСтерин курууга катышууну сунуштап, Астанага кайрылды.
Бирок байкалып тургандай Астананын көздөгөнү башка болууда. Ошондуктан мындай татаал маселелер боюнча эки мамлекет орток пикирге келе алабы? Ал азырынча - белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG