Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Азиза Турдуева, Бишкек http://gdb.rferl.org/C29CD62F-2926-43D9-88FF-D612DCFE0304_w203.jpg Башмыйзамдын сакталышы, ага төрт жолу өткөн референдумда киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор боюнча пикирлер бир кылка эмес. Айрым саясатчылардын айтымында, азыркы Конституция президенттин жеке кызыкчылыгына гана кызмат кылууда. Башка пикирлер боюнча Конституцияда негизги демократиялык принциптер камтылган.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Карыпбек Алымкулов Башмыйзам тууралуу мындай ойдо:

- Кыргызстандын Конституциясы постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн ичинен эң жакшы, демократиялуу документ болуп эсептелет. Муну биз мойнубузга алышыбыз керек. Президент анын сакталышына, аткарылышына жакшы эле кепилдик кылып жатат. Ал эми биз өзүбүз аны кандай аткарып атабыз? Бул башка маселе. Ар бирибиз Конституцияны аткарышыбыз керек.

Ал эми кээбир саясатчылар белгилешкендей, Кыргызстандын Башмыйзамы авторитардык режимдин кызыкчылыгына негизделген документке айланды. Конституциясынын алгачкы вариантынын авторлорунун бири, «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев ушундай пикирде:

- 1993-жылы демократиялык Конституция кабыл алынгандан кийин ал иштеген жок. 1996-жылы Конституция биринчи жолу түп-тамырынан бери өзгөртүлдү. Кайсы тарапка өзгөрдү? Авторитардык бийликтин юридикалык негизин түзө баштады. Эми экинчи ирет биздин Конституция «эл өзү колдоп берди деп» фальсификация жолу менен, авторитардык жеке кызыкчылыкка негизиделген бийликке биротоло бурулду. Тилекке каршы, так ушундай болду.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажибекова болсо жаңыдан кабыл алынган Конституция да сакталып, иштээри күмөн деген оюн айтты:

- Биздин Конституция башынан эле иштебей келатат. Ал биринчи кезекте жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан бузулууда. Азыркы Конституция деле элге көп жакшылык алып келет деп ишенбейм. Анткени, анда дагы деле бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай жатат. Ошондой эле республикада Конституцияны ишке ашыра турган мамлекеттик саясат жок.

1994-жылдан тарта Конституцияга бир нече ирет өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилишине карата да коомчулукта ар кандай көз-караштар бар. Айрым саясий партиялар бул өзгөртүүлөрдү оң баалашууда. «Алга, Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Касым Чаргынов ушундай пикирде:

- Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор өз үзүрүн берип жатканы ушул - мына эң негизгиси - биз эркиндикке жетиштик. Элибиз эркин эмгек кылууга үйрөнүп калды. Алды минтип, байып, жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Жеке менчиктин киргизилиши да өзүнүн оң натыйжаларын берди. Бийликтин бардык бутактары өз милдеттерин так аткарууда. Атуулдук коом алардан ачык айкын иштөөнү талап кылууну үйрөндү.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын жетекчилеринин бири Акылбек Жапаровдун пикиринде бул өзгөртүүлөр өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө да өбөлгө түздү:

- 1996-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилишинен кийин өлкөдө экономикалык реформаны жүргүзүүдө көп жылыштар болду. 1998-жылдан тарта өлкөгө чоң өлчөмдөгү түз инвестициялар алынып келине баштады. Ошол жылдары кичи, орто ишканалардын саны аябай көбөйгөн. Мамлекетте алардын өнүгүшүнө ылайыктуу шарттардын баары түзүлдү.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаев:

- Өлкөнүн Башмыйзамындагы айрым конституциялык нормалар декларативдүү түрдө гана сакталып келе жатат. Конституцияга мындан ары да өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, келечекте өлкөнүн саясий системасы өзгөрүшү мүмкүң, пропорционалдык шайлоо системасы киргизилип калышы мүмкүң, деген көз-карашын билдирди.

Ал эми адвокат Токторбек Ашырбек уулу бийлик өкүлдөрү Конституцияны бузуп жаткандыгын минтип белгиледи:

- Мисалга алсак, сот бийлиги мыйзамдарды бузуп жатат. Мен адвокат катары мындай көрүнүштөргө көп күбө болом.

Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев белгилегендей, Кыргызстан азыр өткөөл мезгилди өз башынан кечирип жаткандыктан атуулдар да өз мамлекетинин Башмыйзамын сактоону үйрөнүшү керек.

- Бир турмуш шартынан экинчи турмуш шартына, бир экономикалык системадан башка тартипке өтүп жаткан мезгилде мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алууну, тил табышууну үйрөнүшүбүз керек. Конституцияны мамлекеттин бийлиги менен ушул өлкөдө жашаган элдин ортосунда түзүлгөн келишим катары кабыл алышыбыз керек. Конституцияны сактап, аткарууга үйрөнүшүбүз керек.
XS
SM
MD
LG