Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Өзбекстанда активисттер өкмөттүн укук бузууларына байланыштуу Кошмо Штаттарын жардамын кыскартууга чакырышты


Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Акрамов АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлди Өзбекстан менен аскердик кызматташттыктан адам укуктарын жогору коюну суранды. Икрамовдун ачык каты АКШнын Мамдепартаменти Өзбекстандагы укуктук кырдаалга баа берээрдин алдында жарык көрдү. Икрамов өзбек бийликтеринин укук бузууларынын ичинен туш келди камакка алууларды, камактагыларды кыйноону жана айыпкерлердин укуктук жардам ала албаганын атады. Икрамов реформалар ордунан жылбаса да, Кошмо Штаттары жардам көрсөтө берсе, репрессиялар дагы күч алып, бул өз кезегинде террордук активдүүлүктүн өсүшүнө алып келээрин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG