Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Индияда парламенттик шайлоонун төртүнчү баскычы өтүп жатат


Дүйнөдөгү эң ири демократиялык өлкөдө 83 шайлоо чөлкөмүндө 100 миллиондон ашык киши добуш берүүгө укуктуу. Талапкерлердин арасында өкмөт башчысы Атал Бихари Важпайи да бар. Добуш берип жатып, премьер-министр шайлоочулардын көп-көптөн келип, добуш беришин каалайм, алардын дегени дегендей кабыл алынат, - деди.

Шайлоо Кашмирдин Индия бөлүгүндө да өтүп жатат. Бул аймакта кечээ эки шайлоо бекетине кол салууда тогуз киши - шайлоо өкүлдөрү жана коопсуздук кызматкерлери жараат алды. Кол салгандар исламчыл сеператисттер деп шектелүүдө. Бешинчи жана акыркы айлампа 10-май, дүйшөмбүдө өтөт.

XS
SM
MD
LG