АКШнын генералы Марк Киммит Карбала шаарында Моктада ас-Садыр молдонун 10 шийит колдоочусу курман болгонун билдирди. Мында кеминде бир коалиция аскери набыт болду. Куфа жана ас-Садыр молдо жашынган Нажаф шаарында да салгылаш болду. Кимит коалиция күчтөрү Нажафтын жанында ок-дары түшүрүп жаткан беш ирактык атып өлтүрүлгөнүн бышыктады. Ас-Садырдын маалымат катчысы бүгүн америкалык аскерлер Нажаф шаарынын жака-белинен кетишсе, куралчандар чабуулун токтотот деди.
Багдадда жол боюнда бомба жарылганда үч карапайым ирактык ажал тапканы кабарланууда.
Багдадда жол боюнда бомба жарылганда үч карапайым ирактык ажал тапканы кабарланууда.