Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Кечээ (5-май күнү) кечинде Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызмат абалынан пайдаланып жасаган кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиев атып өлтүрүлдү. Ал кечки саат жети жарымда Бишкектин Чапаев жана Гагарин атындагы көчөлөрүнүн кесилишинде машинада баратып, светофорго келип токтогондо, белгисиз бирөөлөр ак машине менен жете келип, «Калашников» автоматы менен атып кетишкен. Ички иштер министрлиги бул окуяны кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү мамлекеттик тартип коргоо органдарына каршы согуш ачты деп баалады.

Кырк үч жаштагы Чыныбек Алиев буга чейин Ош шаардык, андан кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Ички иштер министрлигинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жасаган кылмыштарга каршы күрөш башкармалыгын жетектөөгө ушул жылдын февралында дайындалган.

Ички иштер министрлиги бул окуяны кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү мамлекеттик тартип коргоо органдарына каршы согуш ачты деп баалап, кандай гана курмандыктар, жоготуулар болбосун кылмыштуулукка каршы күрөштү токтотпой тургандыгын жарыя кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов ушул күнкү маалымат жыйынында билдирди:

- Мурда кылмышкерлер милиционерлерге чакырык салып атат деген сөздөр болуп келген эле. Мына ушул окуя, ушул кылмыш менен кылмышкерлер милиция органдарына каршы ачыктан ачык согушка чыкты деп айтууга негиз бар. Ички иштер кызматкерлери бул согушту, бул чакырыкты кабыл алат. Кандай курмандыктарга барбайлык, кандай гана кыйынчылык болбосун милиция кылмыштуулук менен күрөшүүгө даяр. Кечээ кабар жетээри менен республикадагы бардык ички иштер кызматкерлери чакырылып, азыр бардыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Бишкек шаарынын көчөлөрүндө кайгуулдар жүрүп жатат жана шаардан чыгуучу бардык жолдор жабылды.

Жолдошбек Бусурманкуловдун айтымында, Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө анын буйрутма менен киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачуу үчүн кылган кесипкөй аракети башкы себеп болду. Анткени, дейт ал, Алиев ири кылмыштардын бетин ачууга жакындап калган:

- Кызмат абалынан пайдаланып жасаган кылмышка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын курамында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү бар. Чыныбек Алиев ошол бөлүм менен бирге иштешип, буга чейинки буйрутма, жалдап өлтүрүүлөр боюнча шектелген бир топ адамдарды кармоого жетишкен. Айрымдарын республиканын ичинен, айрымдарын Казакстандан барып кармап келген. Ал ушундай аракет кылгандан кийин Алиевди жолдон алып ташташ керек болуп калды окшойт. Бирок Чыныбек Алиев баштаган иши баары бир аягына чыгарылат. Бул боюнча иштеп жаткан башка кызматкерлер да бар.

Чыныбек Алиевдин өлүмүн кошкондо Кыргызстанда жыл башынан бери сегиз адам киши жалдап өлтүрүүнүн курмандыгы болду. Азырынча ал киши өлтүрүүлөрдүн бирөөнүн да бети ачыла элек. Ушундан улам коомдо тартип коргоо органдары оор кылмыштардын бетин толук ачат деген ишеним аз.

Андай ойду айткандардын бири - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Зайнидин Курманов. Анын пикири боюнча, тартип коргоо органдары Чыныбек Алиевди өлтүрүү кимдин колунан келгендигин деле ача албайт. Анткени буга бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн аралашып кеткендиги башкы себеп:

- Азыр милиция менен кылмыш дүйнөсү биригип баратпайбы. Кылмыш дүйнөсү менен бийлик өнөктөш болуп калды. Ушундай көрүнүш бар. Буга милиционерлердин бардыгын кошпойм, бирок алардын арасында коррупцияга малынып, кылмышкерлерге калканч болгон чоң жетекчилер бар. Бул - ошолор жүргүзгөн саясаттын натыйжасы.

Президент А.Акаев ушул жылдын 13-апрелинде күч органдары менен кеңешме куруп, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү милдетин алдыга койгондон кийин милиция кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү деп шектелип, буга чейин изделип жаткан башчыларын кармоого белсенген. Ал аракетти токтотуу үчүн Чыныбек Алиевди атууга буйрук берилди деген имиштер пайда болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов ага негиз бар экендигин жокко чыгарган жок:

- Бул окуяга кылмыш дүйнөсүнө аралашкандардын баарынын тиешеси бар. Анткени мыйзам баарыга бирдей. Мыйзамды бузган адам анын алдында жооп бериш керек.
XS
SM
MD
LG