Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

АВГУСТТА ЖАҢЫ ПАСПОРТ БЕРИЛЕ БАШТАЙТ


Август айынын башында Кыргызстанда жаңы паспорт бериле баштайт. Ал эларалык стандарттарга ылайыкталып, жогорку сапатта даярдалат деген маалымат бар. Кыргызстандын азыркы көк паспорту колго жасаганга оңой болуп, кылмышкерлер дүйнөсүнө кызмат кылган документке айланып калды деген пикирлер арбын айтылчу. Жаңы паспорт эми ошондой кемчиликтерден арылыш максатында киргизилип жатат дешет бул иштин демилгечилери.

Премьер-министр Николай Танаев 27-апрелде Маалымат ресурстары жана технологиялары агенттигине жаңы паспортторду даярдоо боюнча тендерди утуп алган «Регистру» компаниясы менен келишим түзүүнү тапшырды. Аталган агенттиктин директорунун биринчи орун басары Нурдин Камчыбековдун айтымында, «Регистру» Молдовада катталган.

Бирок Кыргызстандын жаңы паспорттору Улуу Британияда жасалып жатат. Ал төрт түрдө болот: жалпы, дипломатиялык, кызматтык жана четөлкөлүк. Жалпы паспорттун баасы бир – бир жарым евро же 100 сомго жетпеген акча болот деп жатышат. Ал эми четөлкөлүк паспорт 2 айдын аралыгында даяр болот. Ал үчүн 40-50 евро төлөйсүз. Эгер андан кыска убакытта, шашылыш даярдаткыңыз келсе ага жараша чөнтөгүңүз да жукарат.

Нурдин Камчыбеков атуулдардын негизги документин алмаштырууга бир нече себептер негиз болду дейт. Алардын башкысы – азыр колдонулуп жаткан паспорттор түгөнүп баратат:

- 1-апрелге карата үч миңдей гана даанасы калды. Бул – бир. Экинчиден, паспортту кол менен толтуруп келгенбиз. Бул - соңку эларалык талаптарга жооп бербей калды.

Камчыбековдун айтымында, Кыргызстандыкындай кол менен толтурулган паспорттор башка чет мамлекеттерде колдонулбай калды. Колдонулса да алар акыркы күндөрүн жашап жатат. Анын үстүнө Атуулдук авиация боюнча эларалык уюмдун талаптарына да кыргыздын азыркы паспорту жооп бербей калды. Аны колдо оңой эле жасап алууга болот. Муну эларалык кылмыш топтору эчак эле билип, өздөштүрүп алышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Керимкулов маселенин дал ушул өңүтүн эске алып, мүмкүн болушунча жаңы документтин коргоочу белгилерин чыңдаш керек деген ойдо:

- Мамлекеттин коопсуздугун көңүлгө алып, тартипти чыңдоо керек. Көп угуп, билип калып жүрөбүз – паспортту оңой эле алып алган адамдар жөнүндө. Ушул жагына көңүл буруу керек.

Депутат Айдар Керимкуловдун мындай пикирин «Кабар» агенттигинин директору Кубан Таабалдиев минтип бышыктады:

- Кыргызстандын паспорту көрүнгөн элдин колунда жүрөт – башка жерден келгендердин, башка улуттардын колунда.

Нурдин Камчыбеков жаңы паспорт эларалык акыркы талаптарга жооп бергидей үлгүдө жасалып жатат дейт:

- Жаңы паспортто коргоо элементтери эларалык акыркы стандарттарга карап киргизилет. Адамдын аты-жөнү мурдагыдай кол менен, ручка менен толтурулбайт. Компьютер менен жасалат.

Камчыбековдун айтымында, кыргыздын жаңы паспорту пластикалык карточка түрүндө болот. Анда адамдын аты-жөнү, туулган жылы, ай-күнү, улуту тууралуу маалыматтар камтылат. Мындан тышкары жаңы паспортто Социалдык фонд ар бир адамга берүүчү код да түшүрүлөт. Бирок жаңы паспортто адамдын үйбүлөсү, жашаган жери жана аскерге милдеттүүлүгү жөнүндө маалыматтар жазылбайт. Мындай жаңылыкты Лейлек районунда туулуп, азыр Бишкекте иштеп жаткан Эмил Момунов колдой турганын билдирди. Анын айтымында, айылдан шаарга келгендер дал ушул Бишкекте каттоодо турбаганынан улам ишке орношо албай, социалдык коргоолордон куржалак калып келишет:

- Биз үчүн өтө ыңгайлуу болуп жатат. Анткени каттоого турган-турбаганы тууралуу маалымат болбойт экен. Айрыкча, Лейлек районунан келип, Бишкекте иш издеп жүргөн жердештерим үчүн бул жакшы болду. Анткени, каттооң жок болсо көп жерде ишке албайт.

Жаңы паспорт киргизиле баштаганына карабай азыркы колдонулуудагы негизги документ мөөнөтү бүткөнгө чейин пайдаланылууда кала берет. Бирок айрым мамлекеттер, мисалы, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Германия, Франция эми кыргызстандыктарды жаңы паспорт менен гана кабыл ала баштамакчы. Бул тууралуу Маалымат ресурстары жана технологиялары агенттигинен билдиришти.

XS
SM
MD
LG