Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Таластагы тоо кен байлыктарына кытайлыктар кызыгууда


ТАЛАС. 6-май күнү Талас облусунун губернатору Искендер Айдаралиев Таласка келген кытайлык тоо-кен адистеринин өкүлдөрүн кабыл алды. Эки тараптуу сүйлөшүүдө кытайлык адистер Кыргызстандын, анын ичинде Таластын түстүү, кара жана сейрек металл кендерин иштетүү келечегин иликтеп жүрүшкөндүгүн айтышты. Бир нече күн бою алар күмүш кени жайгашкан Бакайата районундагы «Күмүш тоо» аймагында жана мрамор кени бар «Эчкилүү тоо» аймактарында болуп, тоо кендин үлгүлөрүн текшерүүгө алып кетишти. Кытайлык адистерди Кызылсуу кыргыз автономия облусунун губернаторунун орун басары Имам Намат мырза жетектеп жүрөт. Таласта алтын, күмүш, мрамордон тышкары, кытайлыктар кызыккан гранит жана кварцтын да бай кендери бар. Бирок «Жер үй» алтын кенинен" башка булардын биринде да өнөр жайлык өндүрүү иши жолго коюла элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG