Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Бишкекте Ооганстан маселелерине арналган эларалык жыйын өтөт


БИШКЕК. 10-майдан 12-майга чейин Бишкекте Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн Ооганстан менен экономикалык кызматташтыгына арналган эларалык конференция өтөт. Ага Иран, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстан, Ооганстандан, Азия өнүктүрүү жана дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышат. Конференция БУУнун каржылык колдоосу менен уюштурулууда. Жыйында согуштан кийинки Ооганстанды калыбына келтирүүнүн жолдору жана Ооганстан менен аймактагы өлкөлөрдүн алакасын чыңдоо тууралуу пикир алмашуу болот. Жыйынга мамлекет башчы Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG