Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кароосуз калган 7 миң бала бар


БИШКЕК. Соңку жылдарда Кыргызстанда алты жаштан он сегиз жашка чейинки кароосуз калган балдардын саны өсүүдө. Учурда өлкө боюнча кароосуз калган 7 миң бала бар. Бул тууралуу Балдарды коргоо боюнча борбордун жетекчиси Мира Итикеева бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку жылдарда кароосуз калган балдардын арасында учук жана жыныстык катнаш жолу менен жугуучу ооруга чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Итикееванын маалыматына караганда, ал жетектеген борбор кароосуз калган балдарга жардам берүү долбоорунун алкагында Голландиядагы уюмдардан 100 миң доллар грант утуп алды. «Бул каражат көчөдө калган балдарды кайра үйлөрүнө кайтарууга жардам берүүгө жумшалат» деп кошумчалады Мира Итикеева.

XS
SM
MD
LG