БИШКЕК. Эртең Бишкекте «Алатоо» аянтында АКШ менен Улуу Британиянын аскерлери тарабынан Ирактын туткунга түшкөн атуулдарын кыйноону токтотууну талап кылган нааразылык акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыйлымылынан «Азаттыкка» маалымдашты. Уюмдан билдиришкендей, бул акцияга өлкөдөгү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү жана Бишкектин тургундары катышат.