Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

ПИКАССОНУН ЧЫГАРМАСЫ 104 МЛН. ДОЛЛАРГА САТЫЛДЫ


Шаршембиде "Сотби" аукционунун Нью-Йорктогу кеңсесинде атактуу сүрөтчү Пабло Пикассонун "Мүштөк кармаган жигит" аттуу чыгармасы 104 млн. долларга сатылды. Ошентип, азырынча Пикассонун бул сүрөтү ХХ кылымда жаралган көркөм чыгармалардын ичинен эң кымбат эмгекке айланды.

Пабло Пикассо Испанияда төрөлүп, эң мыкты чыгармаларын Францияда жараткандыктан, эки элге таандык сүрөткер саналат. Ал ХХ кылымдын башында Парижде кедей-кембагал кейипкерлердин бейнесин өзүнүн көбүрүп-жабырган көрөңгөсүн кошуп жаратып жатканда, 100 жылдан кийин анын бул сүрөттөрү дүйнөдөгү эң кымбат чыгармаларга айланаарын элес албаса керек.

Айтор, аукциондо алгач 55 млн. долларга бааланып, акыры 93 млн. долларга барып токтогон, үстөк салыкты кошкондо 104 млн. доллардан ашуун акчага сатылган "Мүштөк кармаган жигит" аттуу сүрөткө кызыккан капчыгы калың кардарлар көп болду.

Пикассо 24 жашында тарткан бул сүрөт өнөрпоздун 1905-1907-жылдары Парижде жараткан, кызгылт өң үстөмдүк кылган чыгармаларынын катарына кирет. Көркөм өнөр боюнча адистер колуна мүштөк кармап, чекесин роза гүлдөрү чырмалган боо менен байлап алган жигитти чагылдырган бул чыгарма – Пикассонун эң трагедиялуу эмгектеринин бири деп эсептелет. Анда жарды-жалчылардын жашоодогу жалгыздыгы менен кайгы-муңу бүт камтылган деп айтылат атайын аннотацияларда.

Мындай пикирди "Сотбинин" эксперти Дэвид Нормал да бышыктай кетти.

- Бул - өтө поэтикалуу чыгарма. Менимче, ал кимди болбосун кайдыгер калтырбайт, сүрөттү карап турганда кулагыңа кандайдыр бир күбүр-шыбыр угулуп, жан-дүйнөң ага жооп берип жаткандай болот.

Ошентип, атактуу Пикассонун ар бир адамдын башындагы жалгыздыкты чагылдырган чыгармасын атын ачык жарыялагысы келбеген бейтааныш адам 104 млн. долларга сатып алды. Кантсе да, бул өтө мыкты капитал жана бизнес, анткени чыгарманын мурдагы ээси, америкалык меценат Жон Уитни "Мүштөк кармаган жигитти" мындан 50 жыл илгери болгону 30 миң долларга сатып алган экен.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG