Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:24

ИРАК: БАРЫМТАДАГЫ ЧЕТ ЭЛДИК ТУТКУНДАР ЖАНА МААЛЫМАТ ЭРКИНДИГИ


Ирактык козголоңчулардын колунда азыр барымтада сегиз чакты чет элдик бар. Барымтачылардын айтышынча, италиялык аскерлер Ирактан чыгып кетпесе, алардын үч жердеши туткундан бошотулбайт. Үч жапон жараны уурдалганда да ушундай талап коюлган. Барымтадагы адамдардын тагдыры тууралуу кабарларга айрым өлкөлөрдүн маалымат каражаттарында чектөөлөр коюлууда. Анын себеби эмнеде? Мындай чектөөгө карата адистер эмне дешет?

Америкалык 43 жаштагы Томас Хамилл ирактык барымтачылардын колунан качып чыккан саналуу гана адамдардын бири. Апрелдин баш ченинде Абу Гхорейб кыштагынын жанында адаватчылар автокербенге кол салышып, Хамилл менен кошо анын алты шеригин жана америкалык эки жоокерди туткунга алышкан. Хамил менен чогуу Kellogg Brown & Root компаниясында иштеген америкалык төрт жумушчунун жасаты табылды. Калган экөөсүнөн дарек жок. Эки жоокердин бири - сержант Эрмер Краузенин өлгөнү тастыкталды. Ал эми 16-апрелдеги телеберүүдө көрсөтүлгөн Кайт Мопин ысымдуу жоокердин тагдыры белгисиз калууда.

Учурда Германияда дарыланып жаткан Хамилл аман калганына чоң кубанычта:

- Америкага кайтып барам. Эң алды Америка элине Жакынкы Чыгышка жайгаштырылган бардык күчтөрдү колдогону үчүн алкыш айткым келет. Аларды унутпагыла жана алар үчүн дуба бергиле.

Өткөн айда Иракта иштеген тыш жерликтерди өзгөчө көп уурдалып, барымтачылар чет элдик күчтөрдү өз журтуна чыгып кетүүнү, болбосо алардын мекендештерин өлтүрүлөөрүн айтып коркутушкан. Айрым туткундар үчүн кун сурашкан.

Иракта туткунуда отурган адамдардын тагдыры же барымта кризиси жөнүндөгү маалыматты жайылтууга улуттук өкмөттөр түрдүүчө мамиле кылышууда. Италиянын премьер-министри, өлкөдөгү ири медиамагнат Сильвио Берлускони үстүбүздөгү аптада өлкөнүн телерадиоканалдарын барымтадагы үч мекендешинин “өмүрүнө коркунуч туудурбоо үчүн”, алар тууралуу кеңири маалымат бербөөгө чакырды.

Кошмо Штаттардын Си-би-ес корпорациясы болсо ирактык туткундарды АКШлык аскерлердин кордоосу жөнүндөгү кабарды өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Ричард Майерстин өтүнүчүнө ылайык- обого эки жума кеч бергенин мойнуна алды.

Коопсуздук маселесин үйрөнүүгө адистешкен Британ падышалыгын тейлөө институтунун аналитиги Даниэл Нип барымтадагы италиялыктар тууралуу маалыматты чектөөнү туура табат. “Бул барымтачыларды негизги куралы - эл аралык даңазадан айрылтат”, дейт Даниэл Нип:

- Алар саясый максат менен, Иракты басып алууга каршы экенин билдирүү үчүн адамдарды барымтага алышса, анда алар маалымат каражаттарынын көңүлүн өздөрүнө бурдуруп, ийгиликке жетүүнү көздөйт. Мындай учурда барымта кризиси жөнүндө маалыматты чектөө - адам уурдоонун себебин эмес, окуянын өзүн алдыга чыгарат.

Ниптин сөзүнчө, Ирактагы кырдаалга дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү кылдат көз салып турушат. Мындай жагдайда маалымат каражаттарынын барымтадагы адамдар жөнүндө ашыкча көп кабар берүүсү, туткундагы адамдардын абалын жеңилдетпей, тескерисинче, татаалдантат дейт британиялык эксперт.

Бул пикирдин каршылары маалыматты чектөөнү сөз эркиндигин чектөө аракети деп эсептешет. Лондондогу журналисттер университетинин окутуучусу Росс Биддискомби басма сөздүн ишине саясый кийгилишүүнү улуттун кызыкчылыгы деп актоо кеңири жайылып бараткан коркунуч экенине басым жасап, журналисттердин вазийпасы тууралуу мындай дейт:

- Эркин дүйнөдөгү журналисттердин ролу маалымат эркиндигин камсыз кылуу. Буга алар журналист болгондун биринчи күнүнөн үйрөнүшөт. Жаңылыкты чектөө адатка айланып баратканы өтө коркунучтуу.
XS
SM
MD
LG