Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

БУШ АРАПТАРДЫН КУЧУНАШЫН ЖАЗА АЛБАДЫ


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага шаары Ирак түрмөлөрүндө айыпкерлерди ыймансыз жана ырайымсыз ыкмалар менен ыдыктап, мазактаган америкалык аскерилерди президент Жорж Буш кескин айыптады, бирок бул осол иштер үчүн кечирим сураган жок. Буштун ордуна муну анын жакын жардамчылары жасады. Вашингтондун бул аракеттери, бир катар эксперттердин айтымында, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясатына байланыштуу араптардын арасында өсүп жаткан нааразылыкты баса албайт.

CBS телеканалы көрсөткөн кадрларга караганда, америкалык айрым аскери кишилер - эркек-ургаачысы дебестен - түрмөдөгү айыпкерлерди дырдай кылып чечиндирип,айыш-аширет жасап жаткандай абалда сүрөткө тартып алышкан. Ошо сүрөттөгү ирактыктардын бири Хайдар Саббар Али аттуу адамды кийин CNN телеканалы Багдаддан таап,окуянын чоо-жайын сураштырганда америкалыктар аны чынында эле мазактап, маскаралашканын, аялдардын көзүнчө чечингенге мажбурлашканын ырастады. Мындан тышкары,Алинин айтымында,айыпкерлерди талуу жерлерге уруп,көк ала кылып сабашкан, уйку бетин көрсөтпөй,бир нече саат чөгөлөп же бүгүлүп турганга аргасыз кылышкан.

Америкалык аскерилердин бул иштери ирактыктарды,жалпы арап дүйнөсүн буркан-шаркан түшүрдү. Атүгүл АКШнын европалык союздаштарын бушайманга салды.Акыры президент Жорж Буш арап тилиндеги Alhurra жана Al Arabiya телеканалдарына атайын интервью берип, адепсиз иштерди америкалыктардын насилинде жок жорук деп атады жана ыпылас ишке барган ыймансыздардын баары жазасын ала тургандыгына ишендирди. Буга жеке көзөмөл кылууну Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелдге табыштады.Ошону менен бирге америкалыктар баштаган ишин толук бүтмөйүнчө Ирактан кете албай турганын,Вашингтон бул өлкөгө жардамдашканга милдеттүү экенин эскертти.

Буштун башкы жардамчылары – мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен коопсуздук кеңешчиси Кондализа Райс да президенттин сөздөрүн ырасташты. Райс атүгүл Вашингтон администрациясынын атынан жалпы арап дүйнөсүнөн кечирим сурады.

Деген менен бир катар эксперттер Ак үйдүн бул аракеттери америкалыктардын Жакынкы чыгыштагы саясатына ансыз деле куйкасы курушуп жүргөн араптардын ого бетер кучунашын карматты дешет. Жорж Вашингтон университетинин профессору Натан Браундун айтымында, Багдаддын четиндеги Абу Грейб түрмөсүндөгү чуулган окуяны, айрыкча айыш-аширет фактыларын мусулмандарга түшүндүрүү аракетинин өзү натуура. Браун иштин баарын мезгил гана жайгарат,окуяны эл акырындап барып унутат деп эсептейт. Андыктан бу шерменделүү иштин кесирин кантип азайтса болот?- деп собол коюштун өзү туура эмес. Мындайды болтурбоо керек эле, болгон соң аны башкача түшүндүрүүнүн кажети жок.

Вашингтондогу көз карандысыз башка бир саясий борбордун аналитиги Мураф Жоуежети президент Буштун арап телеканалдары аркылуу кайрылганын кантсе да туура болду деп эсептейт. Бирок муну бир апта буйдалып,кечигип жасады. Муну менен Вашингтон соңку кездери Жакынкы Чыгышта кетирген кемчиликтерин арттырып алды. Өзгөчө израил премьеринин жакындагы планына Буш колдоо билдирип,региондогу көп арап өлкөлөрүн өкүткө салган эле. Абу Грейб түрмөсүндөгү окуя буга кошул-ташыл болду. Аны арап дүйнөсү америкалыктардын дагы бир ирет эриш бузганы катары кабылдашты. Алардын кетирген чекиликтери чекенелеп жыйналып отуруп, акыркы окуядан соң жадесе АКШнын арап дүйнөсүндөгү ишенимдүү союздаштары да Вашингтонду кубаттап бирдеме айта албай калды. Иши кылып, Америка үчүн азыр Жакынкы Чыгышта өтө кыйын кезең келди, деп айтты Жоуежети.

Жоуежети америкалыктардын тышкы саясаты жөнүндө калыптанган араптардын көз караштарын эми эчтеме өзгөртө албай калды,бул абал бери эле дегенде Жорж Буш президент болуп турганда сакталып калат деген оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG