Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

ЮРИСТАНБЕК ШЫГАЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ӨНӨРКАНАСЫ


Султан Раев, Бишкек Юристанбек Шыгаев - кыргыз сүрөт өнөрүндөгү өзгөчө бир чыгармачыл жолу, дүйнөсү, көркөм формасы, стили бар уникалдуу сүрөтчү. Анын сүрөт көргөзмөлөрү Германияда, Америкада, Швейцарияда, Индияда, Улуу Британияда жогорку ийгилик менен коюлган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Юристанбек Шыгаевдин чыгармачылыгынын сыры эмнеде?

Юристанбек Шыгаевдин чыгармачыл дүйнөтаанымы тээ эзелтен бери кыргыз элинин каны-жаны менен ширелген түптүү маданиятыбыз менен жуурулушуп келет. Орустун улуу сүрөтчүсү Рындин өткөн кылымдын башында кыргыз жергесине келип, улуттук өнөрүбүздөгү шырдак, кийиз, оймо-чиймелерин көргөндө, ошондой эле таш боорундагы байыркы жазуу, чиймелерди көргөндө кыргыз элинин өзгөчө бир феноменине тан берген экен. Ал "Көркөм чабыты ааламдык алкакты билбеген эл гана символдор менен ойлоно алат, бул мааниден алып караганда кыргыздар ошондой касиетке ээ" деген. Юристанбек Шыгаевдин чыгармачылыгы да мындай алып караганда эзелки архаика менен бүгүнкү ой-жүгүртүүнүн ширеси катары сыпатталат. Анын «Манас тамга» түрмөгү сүрөт өнөр жаатындагы "Манасияны" улантуу, боёкторунун ар кыл түсү, тили менен жаңы бир сүрөт дүйнөсүндөгү планетаны ачкандай туюлат.

Ал эми "Улуу жибек жолундагы диалог" түрмөгүнө кирген эмгектери тек гана кыргыз өнөр ойлоо мейкиндиги менен чектелбестен, ал бул чыгармачылыгында азыркы глоболизациянын арааны жүрүп жаткан кезиндеги өзүнүн дүйнөкабылдоосун чагылдырган. Бул эмгектер азыркы күндө дүйнөнүн эң мыкты сүрөт көргөзмөлөрүнө коюлган. Сүрөтчүнүн эмгектерин Америка, Улуу Британия, Израил, Германия, Канада, Түштүк Кореянын атактуу көргөзмө залдары сатып алган. Юристанбек Шыгаев кезектеги мындай сапарга аттанып жатып бизге ал тууралуу мындай оюн баян этти:

- Германиянын Көлн шаарында Бүткүл дүйнөлүк Улуу жибек жолуна арналган "Чыгыш-батыш" деген көргөзмө болот. Ошол көргөзмөгө 7 эмгегимди алып баратам. Эмгектер көргөзмөдө Улуу жибек жолуна арналган чыгармалардын ыр саптары десек жаңылбайбыз. Бул көргөзмөгө 4 мамлекеттин сүрөтчүлөрү катышат. Германиядагы белгилүү сүрөтчү Михаел Собен, Кыргызстандан биздин белгилүү зергер (ювелир) Виктор Сарнев жана Жапониянын белгилүү каллиграфы Юсеки Маремота барышат. Галерея болсо Көлн шаарында белгилүү собордун жанында жайгашкан.

Ар бир сүрөтчүнүн чыгармачыл өнөрканасы - укмуштар ааламы катары эсептелет. Кайсы бир улуу адам айткандай "Тар бөлмөдө - ааламдын сыры жаралат". Юристанбек Шыгаевдин өнөрканасынын өзгөчөлүгү атактуу Сальвадор Далинин өнөрканасын элестетет. Сүрөтчү өз өнөрүнө гана эмес турмушуна да өзгөчө бир рамкага сыйбаган мамиле жасайт. Ар бир сүрөткердин өзүнүн дайыма дух алып, демөөр алып турган булагы болот. Юристанбек Шыгаевдики байыркы менен азыркынын жуурулушкан өнөр булагы. Архаика менен модерн анын чыгармачыл синтези. Юристанбек Шыгаев бул мааниден алганда мындай мамилесин билдирди:

- Компьютер, космостун заманы деп атабыз. Ошол сыяктуу эле адамдын ички дүйнөлүк интеллектуалы өсүп келатат. Ошого жараша менин авангард тилиндеги чыгармаларым бар. Себеби биздин байыртадан келген «Саймалуу таштарды» алсак, бул биздин ата-бабалардан калган архаикалык өзүнчө белги түрүндө символду белгилеген чыгармалар. Мен ойлойм, азыр дүйнөлүк деңгээлге алып келип, жаңыча тил менен алганда тамга, белги түрүндө улантып, көрүүчүлөргө так жеткирүү ой максат.

«Сүрөт өнөрү жараткан тарабынан сүрөткердин колу менен басылган мөөр» деп айтып жүрүшөт көркөм өнөр адистери. А балким ал сөздө чындык бар чыгаар. Юристанбек Шыгаевдин сүрөттөрү да бүгүнкү жашоонун касиеттүү көркөм мөөрү, ал анын өзгөчө бир ыйык ааламы.
XS
SM
MD
LG