Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ирандык кыздардын энесине кайтышына Белгия элчилиги жардамдашты


БРЮССЕЛ. Бүгүн Ирандык эки биртууган -15 жашар Ясмин менен 6 жашар Сара Белгияга, энесине кайтып келишти. Ирандык атуул Саями Поерашеми 2001-жылы аялы менен ажырашкандан кийин, Белгия соту анын аялы менен кыздарына баш калка берүү чечимин чыгарган.
Бирок, Саями Поерашеми өткөн жылы августта эки кызын Иранга алып кетип калган. Эки кыз беш ай мурда качып чыгып, ошондон бери Тегерандагы Белгия элчилиги аркылуу бийик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болуп келаткан. Бүгүн аэропортко бул кыздарды тосуу үчүн Белгиянын тышкы иштер министри Луи Мишэл келди.

- Мен өзүмдү бул жагдайда саясий ишмер эмес, ата-эненин бири катары сездим. Сиз мындай жагдайда өзүңүздү саясатчы катары сезе аласызбы? - деди тышкы иштер министри журналистке берген жообунда.

XS
SM
MD
LG