Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Ливия соту алты медицина кызматкерин өлүм жазасына кести


ТРИПОЛИ. Ливия соту палестиндик бир дарыгерди жана болгариялык беш медицина кызматкерин өлүм жазасына буюруп, бир кызматкерди төрт жылга эркинен ажыратты. Аларга ливиялык жүздөгөн балдарга СПИДдин ВИЧ инфекциясын атайылап жугузушкан деген айып тагылды. Бирок, сот жообуна тартылгандар бул доону жокко чыгарышууда. Алар жасабаган күнөөнү зордоп моюнга алдырышканын айтып, Ливия сотун күнөөлөштү. Еврокомиссия бул окуяга кабатырлануусун билдирип, сот одоно каталыктарга жол бергенин белгиледи. Буга чейин Болгария бийлиги Ливия сотун сынга алып, НАТОго, Европа Биримдигине, АКШга кайрылган.

XS
SM
MD
LG