Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

'Жол картасы' аттуу тынчтык планы дагы колдонулушу мүмкүн


Кечээ күнү Йорданиянын падышасы менен жолуккандан кийин, АКШ президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгыш маселесин касташкан тараптар сүйлөшүү аркылуу чечүүгө тийиш деп билдирди. Анын айтымында, "Жол картасы" аттуу эл аралык план аткарылууга тийиш. Ошол эле учурда, Буш жөөт премьер-министри Ариел Шарондун жаңы планын дагы колдойт. Ал план боюнча, Газа тилкесиндеги араб жерлеринде курулган жөөт айылдары көчүрүлөт, бирок Йордан дарыясынын батыш жээгинен жөөттөр толук кетпейт. Анткен менен, Буштун айтымында, акыркы чечимди арабдар менен жөөттөр өздөрү кабыл алууга тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG