Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

БОЛОТ АБИЛДАЕВ: «АКЧА ДЕГЕН ЭЧ КАЧАН ЖЕТПЕЙТ ЭКЕН…»


Быйыл күздө Кыргызстан жакырчылыкты азайтуу, туруктуу экономикалык өнүгүш программасынын аткарылышы тууралуу Париж клубуна кирген өлкөлөргө отчет берет. Кыргызстандын экономикалык абалы, эларалык каржы уюмдары алдындагы милдеттенмелерин кандай аткарып жатканы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп кабарчыбыз республиканын каржы министри Болот Абилдаевге кайрылды.

- Болот мырза, Эларалык валюта корунун миссиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

- Көп да эми. Анын баарын айтып отурса узак кеп. Кыскача айтсам, миссиянын биз менен иши үзүрлүү болду. Себеп дегенде, бардык көрсөткүчтөр боюнча жакшы келатабыз. Мына киреше, чыгаша боюнча, анан да структуралык өзгөрүүлөр боюнча – баары план боюнча келатат. Эч кандай тоскоолдук боло элек. 3 жылдык программаны аягына чыгаруу үчүн 6 ай эле калды. Бул биз үчүн өтө маанилүү. Макроэкономикадагы туруктуу абалды кармап туруу биз үчүн зарыл нерсе. Экинчи маанилүү маселе – биздин тышкы карыздарыбыз. Ушул программаны аткарып, бизге кредит бөлгөндөрдөн карыздарыбызды жоюу боюнча мүмкүнчүлүк алсак, анда биздин экономикабыз үчүн, мамлекетибиз үчүн жакшы шарт түзүлөт.

- Болот мырза, дагы бир суроо. Кечээ сиздер Эларалык валюта корунун миссиясы менен кошумча меморандумду талкууладыңыздар. Эгер жашыруун болбосо анда кандай маселени макулдаштыңыздар?

- Эң эле чоң маселе - бул дефицит. Биз дефицитти мурунку калыбында эле калтырдык. Бүгүнкү экономикалык өсүшкө карап киреше-чыгаша жагын 90 миллион сомго көбөйттүк. Андан тышкары, мен жана да айтып кеттим, бизде эки-үч жакшы нерсе болду. Бюджеттин салык саясаты боюнча айрым пункттарды карап бензин ставкасын кыскартуу боюнча келишимге жетиштик. Андан тышкары мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын убада боюнча көтөрүүгө макулдаштык. Бүгүнкү макроэкономикалык мүмкүнчүлүгүбүз антүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары Салык кодексинин негизги принциптери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Азыр бизде жаңы Салык кодекси жазылып атат. Ага кандай өзгөртүүлөрдү киргизээрибизди тактадык. Анын аки-чүкүлөрү аябай көп. Аларды айтып отурсак убакыт жетпейт го.

- Болот мырза, дагы бир суроо. Жаңы Салык кодексинде кирешеден түшчү салык өлчөмүн бирдей кылуу тууралуу сөз болууда. Мына ушул маселени тактай кетсеңиз. Салык өлчөмү 20% болобу?

- Биз азыр жалгыз эле НДС эле эмес, салыктын башка түрлөрү боюнча да сүйлөшүп атабыз. Ал тууралуу менин азыр айтышым ыңгайсызыраак. Убактысы келгенде айтабыз. Азыр эксперттер иштеп атат. Жумушчу топ түзүлгөн. Кези келгенде, албетте, айтабыз. Биздин деле оюбуз ошол. Салык ставкаларын азайтуу, рынокко каршы келген салыктарды алып таштоо, ишкерлер үчүн, иштегиси келгендер үчүн жакшы шарт түзүп берүү. Алардын иштешине оңой болушу керек.

- Өткөн жылы бюджеттин аткарылышы айрым болжолдонгон пландарга жетпей калды эле. Т.Саавалайнен келгенде ошондой маселе чыккан. Ошону тактай кетсеңиз.

- Эми былтыр дефицит боюнча проблемаларыбыз көп эле болгон. Эки мыйзам кабыл алдык. Бирок алар иш жүзүндө иштеген жок. Бирок мен айтып коёюн, былтыр салык чогултуу, киреше жагынан дурус көрсөткүчтөргө жетиштик. Салык жагынан ички дүң продуктуга карата 18-19% жетишти ойлогонбуз. Бирок ИДПга карата 14-15% жеттик. Негизи планыбыз деле ошондой болчу. Ал эми акча деген эч качан жетпейт экен. Турмуш алдыга өсүүдө. Ага жараша чыгаша да көбөйөт.

- Болот мырза, чыгаша тууралуу кеп кылып калдыңыз. Быйыл бизде көптөгөн табигый кырсыктар болууда. Мунун кесепетин жоюуга бюджеттен акча бөлүнөт. 2004-жылдын бюджетинде мындай максаттарга акча каралды беле же резервдик фонддон акча бөлүнүп атабы?

- Биз аны өткөн жылы карап бергенбиз. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин сметасынан тышкары фонд түзүп, ага 50 миллион сом бөлгөнбүз. Бул табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жумшалат. Бирок бул акча да аз болууда. Биз каражат табуунун башка булактарын караштырып жатабыз. Кудай буюрса, кошумча каражаттарды табабыз.

- Болот мырза, мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын көтөрүү эки жылдан бери козголуп келатат. Бул ирет чын эле айлык акы көтөрүлөбү? Сиз ошентип айта аласызбы? Мурда апрель айында делген, эми октябрь айында делинип атат...

- Жок, сиз мени туура эмес түшүнүп алыпсыз. Биз айлык маянаны 1-апрелден тарта 15% көтөрдүк. Азыр аны төлөп жатабыз. Эми 1-октябрдан тарта дагы 15% көтөрөбүз. Ошондо биз бир жылда 30% көтөргөн болобуз.

- Аңгемеңиз үчүн чоң ырахмат, Болот мырза!

XS
SM
MD
LG