Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:02

АЛМАТЫДА ГРЕК - РИМ КҮРӨШҮ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ


8-майда Алматыда грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионаты башталат. Бул таймашууга кыргызстандык балбандар бүгүн (7-майда) жөнөп кетишти.

Кыргызстандык балбандардан Азия чемпиондугун Раатбек Санатбаев гана эки ирет жеңип алып, үч жолу күмүш, коло байгелүү болгон. Ал эми Уран Калилов жана Жанарбек Кенжеев жаштар арасында Азиянын алтын медалын тагынган. Чоңдор арасындагы таймашууларда да Уран Калилов, Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов жана Жанарбек Кенжеев экинчи, үчүнчү орундарды камсыз кылган.

Алматыдагы Азия чемпионатында 30га жакын өлкөнүн балбандары күч сынашууга ниетин билдиришкен. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн Афина олимпиадасына жолдомо алган беш жигит: Уран Калилов, Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев жана Геннадий Чехаидзе барышты. Ошондой эле Маскат Убукеев менен Дилшат Ходжиев Алматыга аттанып кетишти. Кыргызстандык жигиттер үчүн бул таймашуу Афина олимпиадасына даярдыкты сыноонун бир мүмкүнчүлүгү.

Балбандардын даярдыгы тууралуу өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов мындай дейт:

- Колдон келишинче, каражаттын жетишинче даярдык көрдүк. Акыркы машыгууну Ысыккөлдө, андан кийин Казакстандын командасы менен бирге өткөрдүк. Биздин жигиттерге демөөрчү болуп, колдоого алган ишкерлер деле чыга элек. Колдоого татыктуу, намысты бийик көтөрүп жүргөн жаштар деле бар. Командабыз Алматыга толук курамы менен жөнөп жатат. Алардын катарында жаштар арасында дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону Уран Калилов, 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов, жаштар арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Жанарбек Кенжеев, Канат Бегалиев бар. Айрыкча Афинага жолдомо алган АКШдагы эл аралык турнирди уткан Геннадий Чехаидзеге үмүт чоң. Жигиттердин даярдыгы дурус эле. Алматы жакын болгондуктан командабызды толугу менен алып барууга ыңгай түзүлдү. Жигиттерди Афинанын алдында дагы бир ирет сындан өткөрүп алалы дедик. Кыргыздын туусун бийик көтөрүүгө аракет кылабыз.

Адистердин айтымында, Азия чемпионатынын Алматыда өтүшүнүн бир себеби, Казакстандын туризм жана спорт комитетинин төрагасы Даулет Турлуханов Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти, ошондуктан Борбор Азияда бул спорттун таасирин арттырууну көздөп жатат. Мелдеште Казакстан, Иран жана Түштүк Корея командалык баш байге үчүн күч сынашчудай. "Азия өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстан да байгелүү орундарга талапкердин бири" дейт өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касенов.

Кыргыз спортунун эл аралык чебери, 14-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов (сүрөттө) алдыдагы таймашуулар жөнүндө өз оюн "Азаттыкка" мындайча билдирди:

- Жакшы эле даярдык көрдүк. Эми Алматыдагы таймашуулар кыйын эле болчудай. Мен мурда 69 кг. салмакта күрөшүп жүрсөм, кийинки мезгилде 74 килограмм салмакка өткөм. Менин негизги аттаандаштарым: ирандык, казакстандык, кытайлык жана кореялык күчтүү балбандар. Биздин жигиттерден Уран Калилов, Геннадий Чехаидзе, Жанарбек Кенжеев баш байгени утуп алышы да мүмкүн. Кимдин даярдыгы мыкты болсо, жеңиш ошонуку. Аны алдыдагы мелдеш көрсөтөт.

Бул ирет балбандарды сүрөөнгө алыш үчүн өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын жетекчилери, спорт күйөрмандар арбын барды. Бул мелдешке эл аралык калыстар Мейрамбек Ахметов, Кочкорбек Кулматов жана Виталий Филиповский да калыстык кылышат. Азия чемпиондугу үчүн килемдеги күч сынашуулар 11-майга чейин уланат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG