Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

ПАРЛАМЕНТ КАНЧАЛЫК АЧЫК?


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын ачыктыгынын деңгээлин иликтөө максатында палатанын төрагасынын алдында атайын жумушчу топ жыл башында түзүлгөн. 6-7-майда Кашкасуу туристтик базасында эл аралык уюмдардын, парламенттин аппаратынын кызматкерлеринин жана саясатчылардын катышуусу менен мына ошол жумушчу топтун жыйыны болуп, анда парламенттин ишин андан ары ачыгыраак кылуу үчүн кандай кадамдар жасалыш керектиги талкууланды.

Жыйындын катышуучулары жалпысынан парламенттин башка бийлик бутактарына караганда ачык экендигин белгилешти. Бирок талкуунун жүрүшүндө парламенттин ишин андан ары ачыгыраак кылуу үчүн дагы бир катар кадамдар жасалыш керек деген пикирге келишти. Азыркы учурда стенограмманы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы менен таанышууга кызыкдар тараптарга мүмкүнчүлүктүн берилбеши кемчилик катары бааланды.

Андан сырткары парламенттик угууларды эл аралык уюмдардын колдоосу менен эле өткөрүп калбай, аны пландык негизде, палатанын ишинин күн тартибине алдын ала киргизүү менен өткөрүү максатка ылайыктуу болорлугу белгиленди. Ал эми АКШнын Улуттук демократиялык инстититунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Жибек Койчукулова Мыйзам чыгаруу жыйыны ар бир мыйзамды кабыл алаарда ага байланыштуу бир нече ирет парламенттик угууларды өткөрүү максатка ылайыктуу болот деген пикирин билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кызыкдар бөлүгү, эксперттер катышса, анын сапаттуу эле эмес, калктын ал мыйзам жөнүндө кеңири маалымдар болушуна да шарт түзүлмөк.

Өз кезегинде сөз алган Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматынын жетекчиси Эмил Жумабеков азырынча стеннограмманын жана добуш берүүнүн жыйынтыгын журналисттер ала албасын айтып, буларга токтолду:

- Менимче биз ачыкпыз. Бизде 150 журналист акредитацияланган. Алар эч тоскоолдуксуз эле жыйындарга катышып, депутаттар менен эркин баарлаша алат. Бул жагынан эч кандай маселе жок. Бирок журналисттер азыркы кезде стеннограмма жана добуш берүүнүн жыйынтыгын ала алышпайт. Келечекте бул тоскоолдук жоюлат. Анткени «Регламент жөнүндөгү» жаңы мыйзамда стеннограмма жана добуш берүүнүн жыйынтыгын журналисттердин тоскоолсуз алуусуна жол берүү каралган. Ал мыйзамды парламент кабыл алган. Президент кол коюшу керек.

Анын айтымында, палатанын ишин калкка кеңири жеткирүү үчүн «Парламент» аттуу телерадиокомпания түзүү аракети көрүлүп жатат. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Осмон Орозалиев учурда парламенттин интернет баракчасын ачуу аракети көрүлүп жатканын, ал ишке ашса палатанын ишинин ачыктыгы андан ары артаарын белгиледи.

Мына ушундай маалымат берүү жана талкуулардын соңунда палатанын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана анын калкка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча сунуштардын топтому түзүлдү. Ал сунуштар Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасына берилмекчи.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын өкүлү Талант Конокбаев ал сунуштар тууралуу буларды билдирди:

- Парламенттин документтерине, анын ичинде стеннограмма болобу, добуш берүүнүн жыйынтыгы болобу - ушул сыяктуу документтерди элдин эркин алып таанышуусуна мүмкүнчүлүк берүү сунушталды. Бул үчүн парламенттин китепканасы менен атуулдардын эч тоскоолдуксуз таанышуусуна жол ачылыш керек. Андан сырткары парламенттик угууну пландуу түрдө, мезгилдүүлүгүн сактап, алдын ала жарыялап өткөрүүнү жана ага каалаган адамдардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштадык.

Талкуунун катышуучулары жалпы кыргыз бийлигинин ачыктуулугун камсыз кылууда өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын жана атуулдардын активдүүлүгү керектиги белгиленди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG