Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

РАМСФЕЛД СЕНАТКА ЧАКЫРТЫЛДЫ


Ирак түрмөлөрүндөгү абалга байланышкан жаңжал ырбай баштады. Пентагондун башчысы жума күнү сенаттын аскери иштер боюнча комитетине чакыртылды, айрым конгрессмен-демократтар анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Ирактын өзүндө болсо америкалык аскерлер Нажаф шаарын алышты, Куфа жана Кербалада үзүл-кесил уруштар болуп жатат.

Басма сөздөрдө ирак туткундарына ит карыбында мамиле жасалганын ырастаган жаңы таныктар пайда болду. Алардын биринде туткундун мойнуна тагылган каргынын боосун кармап, америкалык бир солдат кыз мыйыгынан күлүп турат. Бу сүрөттөрдүн жалгама эмес, аныктыгын белгилүү репортер Кристиан Давэнпорт тастыктады.

Бейшемби күнү Ак үйдө иордан падышасы Абдалла менен сүйлөшүүлөрдү аяктаган соң президент Жорж Буш бу иштер үчүн биринчи ирет кечирим сурады. Ирак туткундары, алардын үй-бүлөлөрү туш болгон азар-мазактар үчүн өкүнө турганымы падышага айттым, деп билдирди Буш.

Америкалык айрым конгрессмен-демократтар, айрыкча алардын өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелоси ирак түрмөлөрүндөгү абалды жашырып-жаап келгени үчүн Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелдди айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылды. Сенатор-демократ Том Харкин, анын соңунан президенттикке башкы талапкер Жон Керри да бул талапка кошулушту. Конгрессмен Синтиа Маккини бул иштер үчүн 19-21 жаштагы солдаттар эмес, биринчи кезекте аларга баш-көз болуп тургандар, өзгөчө Рамсфелд менен анын орунбасары Пол Вулфовиц жоопкер экендигин билдирди. Өкүлдөр палатасындагы республикачылардын лидери Том Дилэй болсо Пентагондун жетекчилерин коргоп, демократтарды согушту эмес, Ак үйдү жеңип алгысы келишет деп айыптады.

Рамсфелдге эми сенаттын аскери иштер боюнча комитетинде бир катар кыйын-кычык суроолорго жооп бергенге туура келет. Буш Пентагондун башчысына колдоо билдирип, ал азыркы командада кала тургандыгын кайталады.

Айтмакчы, мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин жакын жардамчыларынын бири Лари Уилкерсон Вашингтон администрациясын өзөртө сындап чыкты. Администрациянын өкүлдөрү кайсы өлкөгө барбасын, бардык жерде бирдемени былгытып келишет, алар бүлүнткөн иштерди бүтөгөнгө Колин Пауэлл жөнөтүлөт, деп айтты Уилкерсон. Ал ошондой эле америкалык жапжаш жигиттер менен кыздарды ойлонбой туруп өлүмгө жөнөтүп жаткандарды каарып өттү.

Багдадда болсо башкаруу кеңешинин мүчөлөрү түрмөдөгү иштерди териштирүүгө жергиликтүү юристтерди катыштырууну талап кылышууда. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орунбасары Хамид ал-Байяти билдирип, америкалык тараптан бу иштерге ким жоопкер экенин алар өздөрү аныктасын, бирок Вашингтон буга окшогон ыпылас иштер мындан ары Иракта кайталанбай тургандыгына элди ишендирүүгө тийиш деп эскертти.

Соңку маалыматтарга караганда, америкалык аскерлер өткөн түнү Нажаф шаарын алган соң ал жерде бекемделе баштады. Калаанын жаңы губернатору дайындалды. Ал эми Куфа жана Кербала шаарларында шийит имам Моктада ас-Садрдын кошуундары менен кагылыштар уланууда.

XS
SM
MD
LG