Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:37

Нарын облусунун ардагерлерине пенсия берилбей жатат


НАРЫН. Облустун ардагерлери апрель айынын пенсияларын ала албай убара болушууда. Алардын арасында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары да бар. Ардагерлер апрель айынын башында пенсияларды өз убагыбызда ала албай жатабыз деп нааразылык билдиришкенде Нарын райондук жана Нарын шаардык почта бөлүмүнүн начальниги Турар Султангазиев акчаны өз убагында таратууга убада берген. Бирок шаардын ардагерлери 6-майдан бери пенсияларын ала албай кезекте турушат. Ал эми почтанын начальниги Турар Султангазиевдин айтымында, Нарын шаарына облустук соц.фонд 2 млн. сом которгон. Эми Нарын шаарынын ардагерлеринин баарына пенсия таратып берүү үчүн 2,5 млн. сом керек. "Акча которулса эле таратабыз", деди Турар Султангазиев.

XS
SM
MD
LG