Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Таласта өкмөт токтому так аткарылбай жатат


ТАЛАС. Кыргыз өкмөтүнүн өткөн кыштагы атайын токтому менен 10 миң тонна буудай мамлекеттик резервден алынып, ун кылып тартылып, төө бурчак тапшырган дыйкандарга бериле баштаган. Сатып алуу жана матераилдык резервдер боюнча агенствонун Талас бөлүмүнөн 7-май күнү алынган маалыматка караганда, төө бурчак кабыл алуу 15-апрель күнү токтотулган. Элден салыкка, электр энергиясын жана унга айырбаштоо үчүн деп 4796 тонна төө бурчак кабыл алынган. Ушул күнгө карата элге 447 тонна ун берилген. Мамлекет дагы элге 2,5 миң тонна ун карыз. Элдин нааразычылыгынын күчөп жатышы дал ушул калган ундарды алууда Талас дан азык акционердик кызматкерлеринин төрөпейилдигине байланыштуу болуп жатат. Чыдамы кеткен айылдыктар дан азыктын мурдагы жетекчиси, азыр губернатордун орун басары Аязгүл Саркишовага келип, анын ордунда иштеп жаткан уулуна таасир көрсөтүүнү талап кыла башташты.

XS
SM
MD
LG