Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Кылмыштуулукка каршы күрөш күчөтүлөт


БИШКЕК. Бүгүн Абийирдүү башкаруу боюнча кеңештин жыйыны өттү. Анда Республиканын башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев өлкөдөгү кылмыштуулукка каршы күрөштүн абалы жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча баяндама жасады. Өз сөзүндө Мыктыбек Абдылдаев коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Майлысуу шаарынын мурдагы жетекчиси Абдыназар Шерматовдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, соттолгону, андан тышкары айрым акимдерге жана башка жетекчилердин үстүнөн кылмыш иштери козголгону белгиленди.

5-майда киши колдуу болгон милициянын полковниги Чыныбек Алиевди өлтүргөндөрдү табууну мамлекет башчысы А.Акаев күч органдарына тапшырды. Ошондой эле президент коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүп, салык жана бажы кызматтарынын ишмердүүлүгүн катуу текшерүүнү тиешелүү кызматтарга табыштады.

XS
SM
MD
LG