Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Президент А.Акаев “Кыргыз эл баатыры” наамына дагы бир ирет сунушталууда


БИШКЕК. Өлкө башчысы быйыл 60 жашка толот. Буга байланыштуу мамлекеттин эң жогорку сыйлыгын - “Кыргыз эл баатыры” наамын ага берүү сунушун Жалалабад ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү бүгүн дагы бир ирет көтөрүштү. Өкмөт үйүндө А.Акаев илим, маданият жана эмгек ардагерлерине президенттик стипендия тапшырды. Жалалабаддык ардагерлер өздөрүнүн А.Акаевди сыйлоо тууралуу демилгесин Жогорку Кеңеш жана өкмөт колдоого алышын белгилешти.

Өз кезегинде президент республиканын ар тарабынан келишкен инсандарды Жеңиш майрамы менен куттуктады. "Маданият", "Ардагер" программасынын алкагында 2004-жыл үчүн 500 сом өлчөмүндөгү стипендия ыйгаруу жөнүндө чечимге кол койгонун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG