Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

ОРУС ГЕЗИТТЕРИ АЖАР АВТОНОМИЯСЫНДАГЫ КЕЗЕКТЕГИ «ЖИБЕК ЫҢКЫЛАБЫ» ЖӨНҮНДӨ…


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Грузиядагы айтылуу экинчи «роза ынкылабы» орус гезиттеринде кандай өңүттө чагылдырылды? Владимир Путин экинчи жолу Орусия элдерине президенттик антын берди. Чечен проблемасы кайрадан көңүл борборунда. Мына ушул жана башка орус гезиттеринде орун алган аптанын негизги окуялары тууралуу «Орус басма сөз кабарлары» берүүбүздөн таанышыңыздар.

Грузияда «роза ыңкылабынын» экинчи ирет кайталанышы жума бою орусиялык гезит-журналдарда кайчылаш ой-пикирлерди жаратты. Эгерде аптанын башында, сапаттуу деп эсептелинген басылмалардын көпчүлүгүндө жаңы грузин бийлигине каршылык көрсөтүп жаткан Ажар автономиясынын башчысы Аслан Абашидзе өз оюнда бекем турат жана бийликтен оңой менен кетпейт деген өңдүү ишенимдер көп айтылып келсе, акыркы күндөрү орус журналисттери тарабынан такыр башкача маанайдагы сөздөр айтылды.

«Коммерсант» күндөлүк басылмасында Ажар проблемасына арналган баардык макалалардын маанисин бир сөз менен жыйынтыктап, «аларда ырасмий Москванын бул проблеманы чечүүдөгү ролу өзгөчө басым менен айтылгандыгын» белгилегенге болот. «Бул жолу да, былтыркы жылдын ноябрындагыдай эле, машакаттын тынчтык жолу менен чечилишинде Кремлдин ортомчусу Игорь Ивановдун салымы өзгөчө болду» деп жума күнкү санында «Коммерсант» орусиялык белгилүү дипломат бул эле эмес, 2000 жылы Сербияда болгон ушундай эле жаңжалда да мойнуна жүктөлгөн милдетин мыкты аткаргандыгына токтолду.

Ушул эле маселеге көлөмдүү макаласын арнаган «Московский комсомолец» Грузиядагы окуялардын негизги маани-мазмунун «АКШнын Каспийдеги мунай-затка болгон кызыкчылыгынан жана Ирактагы ийгиликсиз аракеттерин грузиялык «роза ыңкылабы» менен толтуруу ниетинен» көрөт деп жазат. Ошол эле учурда макаланын авторлору Грузиядагы борбордук бийлик менен автономия жетекчилиги ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салууда Москванын ортомчулугун туура деп таанышпагандай. «Москва Грузияга болгон басымын алда качан эле жоготкон. Ал эми, АКШга окшоп, Грузия башына өзүнүн адамын алып келе албады. Демек, жаңжалга кийлигишүүнүн зарылчылыгы бар беле?» деген суроо коюшат авторлор. Алардын терең ишенимдеринде, бийликтен кеткен Ажар жетекчиси Аслан Абашидзе, авторитардык мүнөзүнө карабастан, баары бир өз жеринде туруктуулукту жана токтукту сактаган акыйкатчыл лидер экендиги белгилүү.

«Грузияда кан төгүлүүгө жол бербеген ырасмий Москва эми Ажарияны таштап, Орусияга келген Абашидзени канатынын астында калкалай тургандыгы айкын», деп эсептейт «Российская газета».

Ал эми Орусиянын өзүндөгү окуялардын ичинде басма сөз беттеринде көпчүлүк орунду 7-майда болгон президент В.Путиндин инагуарациясына жана чечен проблемасына арналган макалалар ээледи.

Орусиянын президенти болуп экинчи жолу үстүбүздөгү жылдын 14-мартында шайланган В.Путиндин унагуарациясына кайрылбаган басылмалар дээрлик болгон жок. Алардын ичинде «Комсомольская правда», «Коммерсант», «Независимая газета» менен «Время новостей» гезиттери бул окуяны өмүрүндө экинчи жана, Конституцияга ылайык, акыркы жолу баштан кечирип олтурган Путин соңку төрт жыл ичинде жетекчи катарында канчалык өзгөргөнүн ант берүү учурунда айткан сөздөрүнөн жана жүрүш-турушунан тапканга аракет кылышкандай туюлат.

Экинчи маселе – Чеченстанга тиешелүү. Жума ичи Федералдык Коопсуздук кзыматы менен Чеченстандын Ички Иштер министрлигинин 200гө жакын адамы чечен бийликтери сепаратисттердин жол башчысы деп атап жатышкан Ичкериянын президенти Аслан Масхадовду кыдыруу операциясы менен машыгышты. Бирок жуманын аягына чейин бул тема тууралуу жазылган макалаларда «Масхадовду кыдыруудан майнап чыгаары күмөндүү» экендиги тууралуу сөздөр байма-бай айтылып жатты.

Бул окуяга удаа эле «Новая газета» чечен проблемасы боюнча белгилүү орусиялык журналист Анна Политковскаянын макаласын жарыя кылат. 2002-жылдын январында күнөөсүз чечен атуулдарын орус капитаны Эдуард Ульман жетектеген топ атып өлтүргөн. Ал эми ушул жылдын 29-апрелинде бир канча адамдардан топтолгон калыстар соту бул ишти карап, жыйынтыгында «капитан Ульмандын тобу күнөөсүз» деген өкүмүн чыгарат. Журналист Политковскаянын ишениминде, «бул – акыйкат өкүм болгон жок» жана орусиялыктардан топтолгон калыстар тобу да калыс боло албай, «орус» улутундагы кылмышкерлерди «биздин» адамдар деп, баары бир актады. Бул көрүнүш чечен эли баары бир орустар үчүн төмөнкү даражадагы калк катарында тааныла тургандыгын бышыктайт», - деп эсептейт автор.
XS
SM
MD
LG