Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

ШАЙЛОО ЖАРЫШЫ ЭБАК ЭЛЕ БАШТАЛГАН


Эмдиги жылы өтүүчү парламенттик, президенттик шайлоого ашыкпай, экономикалык проблемаларды чечүү камын көрүү зарылдыгын кыргыз бийлиги кыйладан бери айтып келатат. Анткен менен айрым тыңчыкма партиялардын саясий активдүүлүгү шайлоо даярдыгы алдагачан башталып калганын көрсөтүүдө. Эмдиги жылдагы парламенттик шайлоо президентке талапкер тандоо катары эсте калчу саясий өнөктүк. Чоң сынак депутаттыктан башталат.

Шайлоо камылгасын көрүүгө али эрте экени президент А.Акаевдин эл менен жолугушууларында байма-бай айтылды. Ага болбой, эмитен эле тымызын даярдык, шайлоочулардын көңүлүн алып азыноолок белек-бечкек ыроолоо, шаңдуу телемарафондорду өткөрүү өнөктүгү күч алды. Алдагыдай иш-аракеттердин себеп-жөнүн айрым талапкерлер президенттик адилет башкаруу, калктын социалдык дем-шыгын ойготуу жылына байланыштуу түшүндүрүшүүдө.

“Курманжан датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдыз Жолдошеванын ырасташынча, шайлоо камылгасына киришүүгө азыр эрте эмес, чындаса даярдык мындан да эрте башталышы керек болчу:

- Бизде менталитет ушундай. Уруу-урууга бөлүнүшөт. Кийлигишпейт деген чакта деле кийлигишет, бирөөнүн досу чыгат, бирөөнүн тууганы депутаттыкка талапкер болот. “Тигини колдоп бересиң” деп бирөөнү, мисалы, Акүй айтышы мүмкүн. Шайлоого барам дегендер эки-үч жылдан бери иштеп келатышат. Кичине кечигип бараткандар азыр катуу иштеп атышат. Туура эле, антпесе кечигип калышат.

Парламенттик бул жолку шайлоодо партиялык тизме жок. Ошондон депутаттыкка ынтызарлардын көпчүлүгү төрөлүп-өскөн жерине имерилип, бактысын ага-тууган, жек-жаат, жердештеринин жардамы менен сынап көрүүгө киришкен чагы. Мындайда тууган-уруктун, жек-жааттын, булар аз келсе жергиликтүү бийликтин колдоо-жөлөгү абыдан керек. Болочок шайлоо элегинен ак жоолукчандардан аз киши өтөөрү эмитен эле болжолдонууда.

Конституциянын жаңы редакциясы элдик референдумда колдоо тапкан. Андан аз өтпөй эле партиялык тизменин Башмыйзамга кирбей калышы туура эместигин белгилеп, парламенттин кош палатасынын 70ге жакын депутаты кол коюп Конституциялык сотко өтүнүч жолдошкон. Саны арбын партиялардын саясий беделин көтөрүү аракети эмнеликтен референдумдан кийин козголуп жатканын парламент депутаты Адахан Мадумаров момундайча түшүндүргөн:

- Саясий партиялардын күчүн жоготуп алгандан кийин өздөрү административдик ресурстун жардамы менен эки-үч атаандаш партия түзүштү. Жанагы “Артка, Кыргызстан” ( туурасы – “Алга, Кыргызстан” ), “Адилет”, “Элет” деген партиялар бар. Сентябрда долбоор келип түшкөндө “Блок” деген бөлүмдү көрүп мен чалкаман кеткем. “Конституцияда жок нерсени бул жерге кандайча киргиздиңер?” десем, “Киргизип коё береличи, анан байкаштырабыз” дешкен. Ошондо эле мен бул жерде бизди демилгечилер кезектеги референдумга даярдап жатышканын түшүнгөм.

Кезектеги шайлоодо капчыктуу талапкерлер менен калкка кадырлуу инсандар атаандашаары азыртан эле айтылууда. Маалымдоо каражаттарында кимдин кайсы жерден өтөөрү, мүмкүнчүлүгү кандай экендиги үзгүлтүксүз жарыяланууда. Шайлоо жакындаган сайын ушу тапта иштеп аткан депутаттардын шайлоочулары менен жолугушуулары арбыды. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев бул өзү мыйзамченемдүү көрүнүш деп эсептейт:

- Кудай буюрса, эми жайга чейин иштеп берелик. Анан, жашырганда эмне, күздө шайлоо жакындайт. Ошондон сентябрь, октябрда иш жакшы болот. Анан нары жагы иш болбой деле калат, туурасын айтыш керек. Ноябрда жарлык чыгат. Палата депутаттарын жарым жыл жакшы иштеп берүүгө чакырып атам. Менин ниетим деле ушундай. Жайында эки ай убакыт болот да. Ошондо баргыла, шайлоочулар менен иштегиле деп атам.

Эмдиги жылкы эки шайлоо жаңыланган Шайлоо кодексинин негизинде өтөт. 1993-жылкы Конституцияда жазылган бир палаталуу парламентке депутат шайлоо, Башмыйзамда белгиленген эки мөөнөттү ашыгы менен аткарган мамлекет башчысынын ордун мыйзамдуу негизде башка жетекчиге алып берүү сынагы турат.
XS
SM
MD
LG