Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

“АЛ-КАИДАНЫН” ОПУЗАСЫНАН АННАН КООПТОНОТ, БИРОК КОРКПОЙТ


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан “Ал-Каиданын” опузасына олуттуу маани берет, бирок андан улам өзүнүн жашоо жолоюн өзгөрткөнгө же кызматын алмаштырганга ниет кылбайт. Уюмдун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде, ошондой эле Женевадагы жана Найробидеги бөлүмдөрүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Өткөн бейшемби күнү интернеттеги эки ислам сайтында “Ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладендин сөзү жазылган үнтасма пайда болгон эле. Өз сөзүндө дүйнөлүк террорчулардын башчысы үч кишинин – Кофи Аннандын, анын орунбасары Лахдар Брахиминин жана Ирактагы америкалык администрациясынын жетекчиси Пол Бремердин башына он килодон алтын сайып, алардын көзүн тазалоо үчүн террордук саят жарыялаганын айткан болчу.

Үн тасмадагы аваз кимдики экени али тактала элек, бирок айрым маалымат агенттиктери ЦРУдагы жогорку даражалуу бир кызматкерге шилтеме жасап, эксперттер аны бин Ладендин өзү окшойт деп айтып жатышканын кабарлашты. ООНдун өкүлү Фархан Хак үнтасма жалгамабы же аныкпы, ага карабастан уюмдагылар бу ишке өтө олуттуу маани берише тургандыгын ырастады. Азыр маселе ар тараптан таптиштелип, Кошмо Штаттары менен консультациялар өткөрүлүүдө. Баш катчынын коопсуздугун камсыз кылуу багытында сөзсүз кошумча чаралар көрүлөт, деп айтты Хак.

Аннандын өкүлү Фред Экхард ырастагандай, баш катчыдан коопсуздук кеңешинде бин Ладендин опузасына кандай карайсыз деп сурашканда буга ал олуттуу маани берерин жана Бириккен Улуттар Уюму тийиштүү чараларды көрөрүн, өзү болсо мурда кандай жашаса, ошосунан жазбай, азыркы кызматын аткара берерин билдирди.

Ырасмий өкүлдөрдүн сөздөрүнө караганда, Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде коопсуздук системалары жаңыртылат. Имарат тегерете темир тосмолор менен курчалат, анын жака-белин такай көзөмөлдөп турганы кошумча камералар орнотулат, транспорт каражаттары үчүн тоскун жайлары жана жалпы электрондук башкаруу системасы жакшыртылат. Мунун баарына жыйырма бир миллион доллар өлчөмүндө каражат сарпталат.

Уюмга караштуу мекемелер менен кеңселердин коопсуздук системасын күчөтүү зарылдыгы былтыр Багдаддагы окуядан кийин келип чыкты. Атап айтканда, Улуттар Уюмунун бул жердеги өкүлчүлүгүндө бомба жарылып, бөлүмдө иштегендер арасынан жыйырма эки адам набыт кеткен эле. 19-августта болгон ошол иш уюмдун жалпы дүйнөдөгү өкүлчүлүктөрүндө коопсуздукту чыңдоо керектигин көрсөттү, деп айтты Фархан Хак. Уюмдун Нью-Йорктогу, ошондой эле Женева жана Найроби өңдүү шаарлардагы негизги кеңселеринде да бу жагынан зарыл кадамдар жасалууда.

XS
SM
MD
LG