Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

Бүгүн Баткенде жылдын мыкты мугалими аныкталды


БАТКЕН. 6-майда башталган бул кароо-сынакка облустун район, шаарларынан мыкты деп табылган 19 мугалим катышып, түрдүү номинациялар боюнча өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Натыйжада облустук гимназия-мектебинин мугалими Асылкан Исмаилова 208
упай топтоп, баш байгени, Кызылкыя шаарындагы №2 мектептин мугалими Светлана Жалалова 188 упай менен биринчи орунду жеңип алышты. Ал эми экинчи орунга Баткен шаарындагы Бөкөмбаев мектебинин мугалими Лилия Кадырова, үчүнчү орунга Лейлек гимназия-мектебинин мугалими Бактыбек Шорухов татыктуу болушуп, жеңүүчүлөр облустук билим берүү башкармалыгынын диплому жана баалуу белектер менен сыйланышты. Сынактын жыйынтыктоочу бөлүгүнө облус губернаторунун орун басары Токто Илязова менен облустук кеңештин төрагасы Апызалы Кочкоров катышып, куттуктоо сөздөрүн айтуу менен жеңичүүлөргө облустук акимчиликтин ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

XS
SM
MD
LG