Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Бүгүн Кытайдын өкүлдөрү Жалалабатта болушту


ЖАЛАЛАБАД. Облустун тоо кен, көмүр өнөр жайына кызыккан кытайлык делегация Кызылсуу кыргыз автономия облусунун губернаторунун орун
басары Имар Наматтын баштоосунда бир нече жайларды кыдырышты. Алар андан соң губернатор Жусупбек Шарипов менен жолугушту. Чаткалдагы волостанит, Аксыдагы кызыл гранит, 21 млн. тонна запасы бар Көкжаңгак жана Көкбел көмүр кенин биргелешип иштетүүгө келишим түзүү жана ага Кытайдын инвестициясын жумшоо жагын сунуш кылышты. Туризмди өнүктүрүү маселеси да козголду. Губернатор Жусупбек Шарипов облустун кызыкчылыгы үчүн Жалалабатка пайда келтирээр эки тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG