Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Эртең улуу жеңиштин 59 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт


БИШКЕК. Эртең Улуу атамекендик согуштагы жеңиштин 59 жылдыгынын урматына Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием өтөт. Ага президент Аскар Акаев баш болгон мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кыргызстан менен кызматташ өлкөлөрдүн элчилери, Улуу атамекендик согуштун ардагерлери, жоокерлер катышышы күтүлүүдө. Митингдин катышуучулары “Түбөлүк отко” гүл коюп, согушта курман болгондорду эскерип таазим кылышат. Согуштун ардагерлери үчүн аскердик талаа ашканасы уштурулуп, аскерий темадагы ыр-күүлөр тартууланат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Улуу атамекендик согушта Совет биримдигинин калкынын 14% же 27 млн. адам набыт болгон. Кыргызстандан 363 миңден ашуун жоокер катышып, алардын 130 миңи каза табышкан.

XS
SM
MD
LG