Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Багдад түрмөсүндөгү мазактоолор үчүн Доналд Рамсфелд кечирим сурады


Кечээ күнү Вашингтон шаарында америкалык Конгрессте өткөрүлгөн атайын угуу учурунда Ирак түрмөсүндөгү мазактоолор үчүн коргоо министри Доналд Рамсфелд кечирим сурады жана жоопкерчиликти толугу менен өзүнө алды:

- "Абу Грэб" түрмөсүндөгү ыплас иштер үчүн ким жоопкерчиликти алууга тийиш деген маселе боюнча акыркы күндөрдө жакшы талкуу болду. Абал менин көзөмөлүмдө болгон, мен коргоо министримин жана мен баарына жооптуумун. Жоопкерчиликти толугу менен мен өзүмө алам.

Рамсфелддин айтымында, туткундардын адам укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабарлар мурда эле келген, бирок Пентагон аны президент менен Конгресске жеткирген эмес. Анткен менен Рамсфелд кызматынан чегинүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG