Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

Антитеррористтик коалициянын Питер Ганси атындагы авиабазасынын жетекчилиги Сокулук районунун аймагынан берилген 300 гектар жерге аскерий шаарча курбай турган болду.

Питер Ганси атындагы авиабазанын коомчулук менен байланыш боюнча кызматкери Майкл Жонсондун билдирүүсүнө караганда, коалиция 300 гектар жерге аскерлер жашай турган шаарча курбайт. Бирок авиабазанын жетекчилиги Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен жерди ижарага алуу жөнүндө мындан эки жыл мурда түзүлгөн макулдашуудан биротоло баш тартпайт.

Авиабазанын жетекчилиги жер кандай максатта, эмне үчүн колдонулаарын бир-эки жумадан кийин өткөрүлчү маалымат жыйынында жарыя кылат. Ал эми азыр аскерлер буга чейин жашаган чатырлардын ордуна башка жайлар курулуп, убактылуу жатаканалар оңдолууда.

Сокулук районунун аймагынан 300 гектер жердин берилиши кезегинде карама-каршы пикирлерди жараткан эле. Чет элдик авиабаза берилген жерди баштапкы максатында пайдаланбайт экен деген бул жолку маалымат да коомдо «АКШ баштаган коалиция Кыргызстандын аймагынан кетеби, кетсе эмне үчүн?» деген түпөйүл суроону жаратты.

Буга Кыргызстанда үч жылдан бери турган чет элдиктердин көзгө байыр алып, калктын аларды эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы калканч катары кабылдап калгандыгы, экинчиден, өлкө экономикасына түшүп жаткан бир кыйла пайдадан кол жууну каалабагандык түрткү болууда.

Ушундан улам айрым саясатчылар каражатынын аздыгынан АКШ арымын азайтууда дешсе, айрымдары Орусия Кантта өз авибазасын түзгөндөн кийин алакандай Кыргызстанда эки ири державанын авиабазасын кармоонун зарылдыгы жоюлду деген ойлорун айтып жатышат.

Бул маселе тууралуу экс-тышкы иштер министр, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиевдин ою төмөнкүчө:

- Менин оюмча, аскерий шаарчаны курбайбыз дегенине, биринчиден, ал жерге башка бир имаратты куруу чечими түрткү болгондур. Экинчиден, мүмкүн каражат жетпей, аэропорттогу эле базаны кармап туралы деген ойго келишкендир. Себеби АКШнын бюджетинен Ирак менен Ооганстанга көп акча кетип жатпайбы. Ошондуктан, бул жакка акча жетпей жаткандыр. Андан тышкары балким пландар алмашты. Азыр Ирак жана башка региондордогу окуяларды иликтеп көрсөк, Американын абалы бир аз начарлап баратат. Ошондуктан, стратегиялык пландар өзгөрүлүп жатат. Менимче, ушул үч себеп болду.

Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асанов АКШ баштаган коалицияга Кыргызстанда атайын аскерий база кармоонун зарылдыгы жок болуп баратат, анткени, Түндүк атлантикалык альянс уюмунун алкагы кеңейүүдө деген ойдо:

- НАТОнун чеги азыр Орусияга, бул жагы Каспий деңизине жетип калды. Ошон үчүн Америкага ашыкча акча коротуп, Бишкекте дагы бир чоң авиабаза куруунун зарылдыгы жок болуп калды. Себеби, жакын арада Кавказдагы республикалар, Молдова жана Украинанын НАТОго кириши толук ыктымал.

Анткен менен карапайым калк арасында авиабаза жаратылышты бузуп жатат деп нааразы болгондор жок эмес. «Кыргызстандагы элдин арнамысы жана абийирин коргоо» комитетинин төрагасы Акин Токталиев 6-майда Ганси авиабазасынын жетекчилигине кат жолдоп, анда аскерий учактардан жерге төгүлүп жаткан авиакеросин Чүй облусунун экологиясына кесепетин тийгизер, тийгизбеси тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Акин Токталиевдин айтымында, буга вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министри Темирбек Акматалиевге 2-февралда кат жазгандыгы башкы себеп болду. Катта авиабазанын учактары 2003-жылы сегиз жолу, быйыл бир жолу 20-30 тонналык авиакеросинди төрт жарым, беш миң метр бийиктиктен жерге төккөндүгүн кабарлап, эгер мындай көрүнүш улана берсе Чүй облусунун аймагында экологиялык коркунучтуу аймак пайда болорун эскерткен. Ал боюнча Акин Токталиев:

- Көрсө Американын учактары коноордо жүгүн жеңилдетиш үчүн 20-30 тонналык майды төгүп салышат экен. Эми мындан ары аракет кылып Американын элчилигине, Ганси авибазасына барабыз. Ким канча зыян тартса, ошого жараша акысын төлөп бергиле деп талап кылабыз. Майды төккөнүңөрдү токтоткула дейбиз,- деди.

Ал эми Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигинин басма сөз катчысы Эмил Акматов бул окуя боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Биздин экологдордун маалыматы боюнча, зарыл учурда учактын керосинин 6 миң метр бийиктиктен төккөнгө уруксат бар. Бир сапар 4 миң метр бийиктиктен май төгүлгөнү аныкталган. Ал окуядан кийин экологдор Чүй облусунун аймагындагы жерди, сууну, абаны текшеришип, зыяндуу эч кандай зат табышкан эмес. Азыркы учурда суу, жер, аба өз нормасында деп ишенимдүү айта алабыз. Ганси авиабазасынын учактары керосинди көп учурда 6 миң метр бийиктиктен төгүшөт. Анткени, эл аралык норма боюнча 6 миң метр бийиктикте төгүүгө уруксат берилет. Керосин ошондой бийиктиктен төгүлсө айлана-чөйрөгө эч кандай зыян тийгизбейт.
XS
SM
MD
LG